Келгиче эле 1 млн. сомдук товарым күйүп кетти... Таң эрте соодагерди өксүткөн өрт

Жазылуу
Бүгүн эртең менен саат 9.30дарда борбор калаадагы "Ош" базарында ири өрт чыгып, бир нече соода күркөлөрүн каптады. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков базарга барып соодагерлердин үнүн угуп жана учурдагы кырдаалды көрүп келди.

Өрт жалмаган аймак — "Ош" базардын кире беришинде жайгашкан "Сейтек" базары деп аталчу. Ал жерде көбүнчө кийим-кече жана бардыгы 50 сомдон сатылган турмуш-тиричилик буюмдары болгон. Базар саат 10.00дөн кийин ачылгандыктан сатуучулар эми гана келип жаткан. Соодагерлердин айтымында, алгач Киев көчөсү тарабындагы күркөдөн түтүн чыга баштаган. Андан соң жалын чыгып бат эле жайылып кеткен. Айрымдары товарларын жарым-жартылай чыгарып кетүүгө жетишсе, калганы үйүнөн келгенче болгон оокаты күйүп кеткен. Алыстан карап тургандан башка эч нерсе кыла албай калышты.

Базардын айланасын милиция курчап чоочун адамдарды киргизген жок. Чекесинде бар оокаты күл болуп жатканына ичи ачышып турган аялдарды көрүүгө болот. Соодагерлердин бири Уулкан Аязова ушул жерде тогуз жылдан бери иштечү. Ал товар алуу үчүн таң эрте "Дордойго" кеткен экен.

"Бул жерде жынсы шым, куртка сатчубуз. Бүгүн эртең менен "Дордойго" барып товар алып жүргөм. Ошол жактан угуп келдим. Контейнерден бир да кийим алып чыкканга жетишпей калдык. Ичинде бир миллион сомго чейинки товар бар эле", — деди соодагер.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйрымдары товарларын жарым-жартылай чыгарып кетүүгө жетишсе, калганы үйүнөн келгенче болгон оокаты күйүп кеткен. Алыстан карап тургандан башка эч нерсе кыла албай калышты
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айрымдары товарларын жарым-жартылай чыгарып кетүүгө жетишсе, калганы үйүнөн келгенче болгон оокаты күйүп кеткен. Алыстан карап тургандан башка эч нерсе кыла албай калышты

Жалындап жаткан өрткө дагы карабай товарларын ташып жаткандар да болду. Ал эми Бурул Жолдукеева балдары жана сатуучулары менен жандалбастап жатып товарынын айрым бөлүгүн гана алып чыкканга жетишкен.

Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарындагы ири өрт. Жеринен тартылган 15 сүрөт
"Бул жерде 10 жылдан бери соода кылабыз. Жаш кыздардын кийимин сатчубуз. Өрт тууралуу жанымда иштеген кыз чалып айтып чакырды. Дароо балдарым менен жетип келдим, сатуучу кыздарым да келип калышыптыр. Бир контейнердеги кийимдерди гана алып чыкканга жетиштик. "Берекет" жактагы бир контейнерим күйүп кетти, дагы бирөө эмне болгонун азырынча билбейм. Ал жактарда 250 миң сомдук товар бар эле", — деди Жолдукеева.

Ал эми арт жагына басып барсак кийим-кечелер чачылып жатат. Көрсө, өрт тутана баштаганда эле кийимдерди сыртка ыргыта беришкен экен. Соодагерлер "тиги меники, бул сеники" деп айланып басып чогултуп жүрүшөт. Күйгөн базардын арткы жагында кийим-кече саткан Мырзабек Якубов товарларды кантип ташып чыгышканын айтып берди.

"Биз тарапка өрт жеткен жок. Мен саат 10дордо келсем ары жактан түтүн чыгып жатыптыр. Ичиндеги товарларды жапырт ташып чыга баштадык. Айрым күркөлөрдүн эшигин бузуп ичиндегилерин алып чыктык. Дагы 20 пайыздай товар калып кетти окшойт. Эми аралашып кеткен товарларды акырындык менен иргеп жатабыз", — деди соодагер.

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Ош" базардын арт жагына басып барсак кийим-кечелер чачылып жатат. Көрсө, өрт тутана баштаганда эле кийимдерди сыртка ыргыта беришкен экен
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базардын арт жагына басып барсак кийим-кечелер чачылып жатат. Көрсө, өрт тутана баштаганда эле кийимдерди сыртка ыргыта беришкен экен

Тилсиз жоо базардагылардын баарын чочулатты. Таттууларды саткан тарабында момпосуй сатып иштеген Ильяз Умаров тилсиз жоону көрөөр замат баары товарын чыгарып кеткенин айтат. Эми өрттүн өчүрүлүшүн гана күтүп турушат.

Белгилей кетсек, базардын айланасын кыдырып жүрүп "кырсык учурунда мародерчулук болду" деп арыздангандарды көрө албадык.

Ири өрт чыккан жерде учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0