Алдын ала маалымат боюнча базардын кире беришиндеги бир нече соода күркөлөрү күйгөн
Өрттү өчүрүү үчүн 12 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Ошондой эле ӨКМ министри Кубатбек Боронов өрттү өчүрүү ишин жеринде жетектөөдө.
Алдын ала маалымат боюнча каза болгондор жок. Тез жардам кызматынын бригадасы нөөмөттө турат. Жакынкы павильондогу жана банк кызматкерлери эвакуацияланды. Өрт саат 12.28де чектөөгө алынды. Соодагерлер болгон товарын сактап калуу аракетин көрүшүүдө.
Министрдин айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча өрт электр зымдардын биригип калышынан улам чыгышы мүмкүн.
Ири өрт чыккан жерде учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар>>

Кырсык тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 09:48де келип түшкөн

Өрт базардын кире беришиндеги күркөдөн чыккан

Кырсык болгон жердин аймагын милиция кызматкерлери курчоого алды

Жеринде 12 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат

Бул контейнерлерден чыгарылып кеткен товарлар

Калганын элдин жардамы менен алып чыгышты

Өрт өчүрүү кызматкерлери иш үстүндө

Асманды кара түтүн каптады

Алдын ала маалымат боюнча жабырлануучулар жок

Өрт болжол менен 3,5 миң чарчы метр аянтты жалмаганы айтылууда

Кырсык Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

Калган товарлар жолго ыргытылган

Өрт өчүрүүчүлөр кырсыкты чектөөгө аракет жасап жатат

Милиция менен медиктер жеринде нөөмөттө турат

Өрттү өчүрүү аракеттери уланып жатат. Окуянын асмандан көрүнүшү
