16:33 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.1133
  • EUR81.3325
  • RUB1.0446
Жылкы. Архив

Улакчынын торпокту суудан алып чыккан окуясы Бишкектин четинде болгону такталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
697 0 0

Буга чейин аталган окуя Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Ак-Бата айылында болгону айтылган

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улакчы жигиттин музду жарып шыргалаң суудан торпокту алып чыккан окуясы борбор калаанын "Ак-Бата" жаңы конушунда болгону такталды.

Эскерте кетсек, 11-январь күнү видео тарап, окуянын Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ак-Бата айылында болгону маалымдалган.

Улакчылар оюндун кызыгына батып, тоңгон муздун үстүнө чейин чыгып кетишкен. Муз кокусунан жарылып, чабандестер тартып жаткан торпок сууга түшүп кеткен.

Улакчылардын арасынан аба ырайынын сууктугуна байланыштуу суу ичинен торпокту алып чыгууга эч ким батына алган эмес. Куштарбек аттуу жергиликтүү улакчы сырткы кийимин чечип, торпокту суу алдынан таап алып чыккан. Улак чабышты өткөрүп жаткан той ээси анын эрдигин баалап, кой белек кылганы белгилүү болду.

Улакка түшкөндөрдүн арасынан олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.

Тема боюнча

Жалал-Абадда сууга түшүп кеткен торпокту улакчы жигит музду жарып алып чыкты. Видео
Сүйүнчү! Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди
Белгилер:
торпок, Суу, муз, улак тартыш, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ