00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түрмөдөн качкандар. Сокулук РИИБ жетекчилиги толугу менен кызматтан алынды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековПравоохранительные органы Кыргызстана
Правоохранительные органы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иликтөө кызматы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалгандардын качып чыгышы боюнча иликтөө жүргүзгөн

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Убактылуу кармоочу жайынан төрт кишинин качып чыгышынан улам Сокулук РИИБдин жетекчилиги толугу менен кызматтан алынды.

Эмнеге качканымды билбейм. Түрмөдөн качып кармалгандардын сурактагы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Эмнеге качканымды билбейм. Түрмөдөн качып кармалгандардын сурактагы видеосу
ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан 27-ноябрь күнү оор кылмышка шектелип камакта жаткан төрт кишинин качып чыгуу фактысынын негизинде териштирүү жүргүзүлгөн. 

Натыйжада качкындардын абактан эч тоскоолдуксуз чыгып кетишине уставдын талаптарын одоно бузуу, кызматкерлердин өз милдетин так аткарбоосу жана укуктук-ченемдик актыларды тийиштүү деңгээлде билбеши себеп болгону аныкталган. 

Мындан улам төмөнкү кызматкерлер жумуштан алынган:

Сокулук районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын нөөмөтчүсү, милициянын старшинасы Ж.М.;

Сокулук районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын нөөмөтчүсү, милициянын ага сержанты Б.Ш.; 

Ээлеген кызматынан бошотулгандар:

Сокулук районунун ИИБ жетекчиси, милициянын подполковниги Б.Дүйшеев;

Сокулук РИИБдин коомдук тартипти сактоо боюнча жетекчисинин орун басары М.Саидов;

Сокулук РИИБ жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Станов;

Сокулук РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси А.Д.;

Сокулук РИИБдин коомдук кооопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмү жана убактылуу кармоочу жайы боюнча кызмат жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги И.И.;

Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын кенже лейтенанты А.М.;

Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы, милициянын страшинасы М.А.;

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын ага инспектору И.О.

Катуу сөгүш алгандар:

Чүй облустук ИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси, милициянын майору И.А.;

Чүй облустук ИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Ж.К.

Спайс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция "Спайс" баңгизатын ири көлөмдө саткандардын тобун кармады
Кызматтык териштирүүнүн материалдары окуяга юридикалык баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлгөнү айтылды. 

Төрт качкындын ишинин негизинде Кылмыш жаза кодексинин “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Шалаакылык” беренелери боюнча прокуратура тарабынан милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайдын эки милиция кызматкери камакка алынган.

Буга чейин качып чыккан төрт киишинин экөө кармалганы маалымдалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0