28-ноябрда болжол менен түнкү саат 12.30дарда "Сирена" ыкчам планын ишке ашыруу маалында Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан качкындардын экөө кармалган.
Алар адам өлтүрүүгө шектелген Рамил Базаркулов жана каракчылык менен камакка алынган Бакыт Дилдешов болгон. Экөө тең 38 жашта.
Кармалгандарды суракка алуу учурунда алар абактан эмнеге качып кетишкенин өздөрү дагы түшүнбөй калганын айтышкан.