06:00 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Операция жасоо. Архивдик сүрөт

Ошто өспүрүм кыз 1,5 кг чачты кандайча жеп алган? Хирургдун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Варвара Гертье
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Зульфия Тургунова
2101 0 0

Учурда кыздын абалы жакшы. Ал балдар ооруканасында дагы 10 күндөй дарыланат.

ОШ, 14-ноя. — Sputnik. Ашказанынан 1,5 килограмм салмактагы чач алынган 13 жаштагы кыз 4 жыл бою өзүнүн чачын жеп жүргөн. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын хирургу Кудайберди Тешебаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, өспүрүм кыздын үйүндө чыр-чатак көп болгондуктан кабатырланып жатып өзүнүн чачын жегенин байкабай калчу. 

1,5 килограм волос, изъятые из желудка у девочки в Оше
© Фото / Зульфия Тургунова
Ашказандан алынган 1,5 килограмм салмактагы чач

"13 жаштагы өспүрүм кыздын көзү ооругандыктан энеси Ноокат районунан Ош облустук ооруканага алып келиптир. Окулист кыздын ашказанында шектүү бир нерсе чыгып турганын байкап, аларды гастроэнтерологго жөнөткөн. Ашказанын текшергенде ичинде чач бар экени белгилүү болуп операция жолу менен 1,5 килограмм чач алып чыктык", — деди Тешебаев.

Хирург билдиргендей учурда кыздын абалы жакшы. Ал балдар ооруканасында дагы 10 күндөй дарыланат.

"Убагында операция жасалбаганда кыздын ден соолугуна олуттуу зыян алып келмек. Атасы психикалык жактан жабыркагандыктан үй-бүлөдө чыр чатак көп болуп, кыз кабатырланган учурда өзүнүн чачын жегенди адатка айландырып алган. Бирок жүрүм-туруму адекваттуу. Жакын арада психолог өспүрүм менен иш алып барат", — деди Тешебаев.

Хирург ашказанына чач топтолгон өспүрүмдөргө операция жыл сайын жасалып жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү. Видео
Белгилер:
чач, операция, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ