Чемпиондорду өстүргөн 4 уул, 4 кыздын атасы: балдарды уктатып коюп такси айдайм

© Sputnik / Табылды КадырбековСъездбек Таштакеев жубайы Гүлбарчын Калдыбаева жана балдары менен
Съездбек Таштакеев жубайы Гүлбарчын Калдыбаева жана балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги балдарына каалаганын алып бергенине ыраазы болуп жүргөндөрдөн айырмаланып, уул-кыздарына мыкты тарбия берүүнү башкы максат кылган ата-энелерди издеп көрдү.

"Атадан — акыл, энеден — тарбия" демекчи 43 жаштагы Съездбек Таштакеев жубайы Гүлбарчын Калдыбаева менен сегиз баланы татыктуу тарбиялап, көпчүлүккө үлгү болуп келет. 12 миң сомдук айлыкка жашап келген бул үй-бүлөнүн балдарынын алды Азиянын, арты Кыргызстандын шахмат боюнча бир нече жолку чемпиондору.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштакеев: Шахмат боюнча Азиянын үч жолку чемпиону болгон 14 жаштагы уулум жакында Италиядагы дүйнө биринчилигинде өлкө намысын коргойт
Семья спортсменов Съездбека Таштакеева - Sputnik Кыргызстан
Таштакеев: Шахмат боюнча Азиянын үч жолку чемпиону болгон 14 жаштагы уулум жакында Италиядагы дүйнө биринчилигинде өлкө намысын коргойт

— Съездбек мырза, алгач үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Кудайга шүгүр, төрт эркек, төрт кызым бар. Улуусу 17 жашта, кичүүсү бирге чыгып калды. Шахмат боюнча Азиянын үч жолку чемпиону болгон 14 жаштагы уулум жакында Италиядагы дүйнө биринчилигинде өлкө намысын коргойт. Ошого даярданып жатабыз.

— Тарбияңыздын башаты эмнеде болду?

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кендирбаева: 9 тойго барган ата-эне баласына 9 мүнөт көңүл бөлбөйт
— Жаш кезинен тарта эмгекке үйрөтүүгө аракет кылабыз. Мисалы, шахмат оюну алардын ой жүгүртүүсүн өрчүтүп, математикалык сабаттуулугун жакшыртат. Анан ошентип баланын акыл эмгеги калыптанат. Ошондуктан келинчегим экөөбүз тең балдарды шыктандыруу үчүн пайдалуу оюндарды уюштуруп келебиз. Айжан кызым беш жарым жашында шахмат боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Алтын медаль деле алмак экен, бизди сагынып эрте келип алды.

Мындан сырткары, үч балам дзюдо менен машыгып, байгелүү орундарды алып жатышат. Алардын арасында беш жаштагы балам дагы бар. Байкашымча улууларына жакшы тарбия берилсе, кичүүлөрү аларды көрүп үлгү алып өсө берет экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул үй-бүлөнүн балдарынын алды Азиянын, арты Кыргызстандын шахмат боюнча бир нече жолку чемпиондору
Семья спортсменов Съездбека Таштакеева - Sputnik Кыргызстан
Бул үй-бүлөнүн балдарынын алды Азиянын, арты Кыргызстандын шахмат боюнча бир нече жолку чемпиондору

— Күн тиртибиңиз кандай?

— Менин жумушум 8.30да башталат, ошондуктан 7.30да үйдөн чыгып кетем. Себеби эртең менен балдарды мектепке жеткирүү керек. Алардын дагы убактысы бөлүштүрүлгөн. Эркек балдарым күн алыс дзюдо боюнча машыгууга барышса, үйдөн шахмат ойношот. Кыздарым болсо сабактан тышкары англис тили боюнча курска барышат.

— Кантип изденесиздер?

— Китеп окуйм, интернеттен пайдалуу нерселерди таап балдарыма айтып берем. Алар менен көбүрөөк сүйлөшүүгө аракет жасайм. Өзүм арак ичпейм, чылым чекпейм, үлгү болууга аракет кылам. Учурда балдарым дүйнөлүк классикалык чыгармаларды окуп жатат. Мен окуган китепти аларга, алар окуган чыгармаларын мага айтып беришет. Кыскасы үйдө зериккенге убакыт жок, такыр болбой калды дегенде китептер жөнүндө сүйлөшөбүз. Кудайга шүгүр, балдарым айтканымды жерге таштабай келет.

— Акча маселесинде кыйналбайсызбы?

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
— Биринчи Май райондук администрациясында жетектөөчү адис болуп иштейм. Чынын айтсам, акча жагынан кыйналам, үй-бүлөдө жалгыз иштеп 12 миң сом айлык алам. Бирок кыйынчылыксыз эч нерсе жок да, ал жагынан эптештирип жатабыз. Кээде балдарды уктатып коюп жеңил унаам менен эл ташып иштейм. Анан Руслан менен Арзыбек уулум шахмат боюнча сабак берип, кичине каржы таап мага жардамдашууда.

— Балдарга жумуштан кийин убакыт табылабы?

— Чынын айтсам, көп убакыт бөлгүм келет. Ошондуктан жумуштан чыгып эле балдарыма шашам. Себеби кичинекейлер үйдө болсо, калганын мектептен үйгө алып баруу керек. Жолдо, үйдө жакшы бир нерсе айтып калсам экен, уктай электе баарлашып калсам деп жөнөйм. Кээде достор мончо, бильярдга чакырышат, ага болбой эле үйгө шашып кетсем таарына беришет.

— Балдарыңыз бала бакчага барабы?

— Улуу үч балам кичинекей кезинде барган, ал эми калгандары үйдө эле. Чынында өзүбүздүн үйүбүз деле бала бакчадай, "ага сен жетекчисиң" деп жубайымды тамашалап коем. Келинчегиме абдан ыраазымын. Анткени балдарым бала бакчага барбаса дагы, окуганды, жазганды үйрөнүп алып мектеп босогосун аттайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштакеев: үй-бүлө кичинекей мамлекет дегендей андагы ар бир баланын келечегине кам көрүү менин мойнумдагы парзым
Семья спортсменов Съездбека Таштакеева - Sputnik Кыргызстан
Таштакеев: үй-бүлө кичинекей мамлекет дегендей андагы ар бир баланын келечегине кам көрүү менин мойнумдагы парзым

— Анан үй-бүлөдө ким чемпион, күчтүү оюндар бат-баттан болуп турса керек?

— Үй-бүлөлүк мелдеш өткөндө республикалык кээ бир турнирлер артта эле калып калат. Аябай намыстанып, катуу атаандашып кызыл чеке болуп ойношот. Үйдө Арзыбек менен Руслан чемпион. Бирөө бир ай чемпион болсо, экинчиси бир жума болот. Азыр алар чемпиондук наамды талашып жүрүшөт.

— Балдарыңыз бир нерсеге кызыгып, аны менен алектенем деп жатса кандай кыласыздар?

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
— Уулдарым дзюдого өз калоосу менен барышат. Ата-эне балдарды эч убакта мажбурлабай, багыт берүүсү керек. Үйдө төрт балам комуз чертип, фортепианодо дагы аз-маз ойношот. Ал инструменттерди үйгө алып келип койгонбуз, кирип-чыгып чертип жатып эле үйрөнүп алышты. Бизде дем алыш күндөрү өз ара шахмат, комуз чертүү, көркөм окуу, ыр жаттоо боюнча сынактар өтөт. Мунун бардыгы алардын калыптануусуна өз таасирин тийгизет. Колдон келген шартты түзүп бергенге аракет кылабыз.

— Аракетиңиз текке кетпейт деген ишеним зор болсо керек…

— Эң биринчиден, бул менин коом, мамлекет жана балдарымдын алдындагы аталык милдетим. Анткени ал үй-бүлөгө мен жооп берем. Үй-бүлө кичинекей мамлекет дегендей андагы ар бир баланын келечегине кам көрүү менин мойнумдагы парзым. Кудайга шүгүр балдарымдын бардыгы мектепте жакшы окушат, Руслан уулум шахмат боюнча Азиянын үч жолку чемпиону, Алмаз Кыргызстандын алты жолку чемпиону. Айжан, Назира өлкөнүн бир нече жолку чемпиондору. Алардын ийгилик, умтулуулары мага күч берет, ошол себептен чарчабай жүргөндүрмүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0