Бишкектеги "Спартак" стадиону 9 күнгө жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековСтадион имени Долона Омурзакова в Бишкеке
Стадион имени Долона Омурзакова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стадиондо чуркагандар 9-ноябрдан кийин гана машыгууларын уланта алат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабыларын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

31-октябрдан 8-ноябрга чейин аталган спорт жайында футбол боюнча жаштардын Азия чемпионатынын тандоо туру өтүп, командалар машыгууларын өткөрөт. Андан сырткары, бир катар оюндар дагы болот.

Стадион 9-ноябрдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0