БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабыларын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
31-октябрдан 8-ноябрга чейин аталган спорт жайында футбол боюнча жаштардын Азия чемпионатынын тандоо туру өтүп, командалар машыгууларын өткөрөт. Андан сырткары, бир катар оюндар дагы болот.
Стадион 9-ноябрдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.