БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Саат 9.00гө карата алынган маалымат боюнча бардык шайлоо участкаларында техиникалык мүчүлүштүктөр катталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик катоо кызматынан билдиришти.
Анткен менен аймактык кабарчы Баткен шаарынын №8073 шайлоо участогунда добуш берүү жарым саатка кечиккенин билдирди.
Баткен облустук шайлоо штабдын башчысы Алишер Орозбаев муну Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү апараттарды туура эмес туташтырып коюшканы менен түшүндүрдү. Мындан улам добуш берүү 8.30да башталган.
Ошондой эле борбор калаанын 6-кичи районундагы эки шайлоо участогунда техникалык көйгөйлөр жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, №39 мектепте жайгашкан №1133 жана №1134 шайлоо участокторунда аппараттар иштебей калгандыктан жарандар кезекке туруп калышкан.