БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүн, 15-октябрь саат 08.00дөн тарта Кыргызстанда президенттик шайлоо башталды.
Өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкалары босогосун ачты. Анын 234ү Бишкекте жайгашкан.
Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы 3 миллион 25 миң 768 адам добуш бере тургандагын кабарлаган. Шайлоо учурунда техникалык колдоо көрсөтүүчү 500 адис иштейт, ал эми шайлоо участкаларындагы ишке кошумча 200 кызматкер тартылат. Муну менен бирге жеринде талаш маселелерди чече турган ыкчам аракетке келүүчү топ иш алып барат.
Бүгүн 9384 милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөйт. Дагы кошумча 180 кызматкер резервде турат.