03:59 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Бишкектин чок ортосунда бүлүк салган уй

Бишкектин чок ортосунда бүлүк салган уй эки күндөн кийин союлмай болду

© Sputnik / Эркин Алымбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
831 0 0

Борбор калаада бош жүрүп бир аялды сүзүп алган уй бошонуп качып кеткен

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда ызы-чуу салган уй эки күндөн кийин союлат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине малдын ээси Эрнис Молдобаев билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ күнү Бишкекте уй унаа жолго чыгып, бир аялды сүзүп салган.

"Кунажынды усталарга союп берүү үчүн атайын базардан алгам. Үйгө түшүрүп жатканда бошонуп кетти. Анан күтүлбөгөн жерден жолго чуркап чыгып, бир аялды сүзүп салды. Көп өтпөй эле уйду кармап кеттик. Жабыркаган айымга жолугуп, абалы менен тааныштым. Баары жакшы экен", — деди Молдобаев.

Ал малды 2-3 күндөн кийин соё тургандыгын кошумчалады.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан уйдан жабыркаган үч адам арыз жазганын айтып, учурда экспертиза жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Тема боюнча

Бишкектин чок ортосунда жүргөн уй аялды сүзүп салды. Күбөнүн видеосу
Белгилер:
мал, уй, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ