Бишкектин чок ортосунда жүргөн уйдун видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
"Это фиаско, братан" или как в центре Бишкека гуляет корова… pic.twitter.com/nTYZ6iljVy
— Sputnik Кыргызстан (@SputnikNewsKGZ) 3 октября 2017 г.
Видео Манас проспектисиндеги Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда саат 13.00дөр чамасында тартылган. Тасмадан кунаажын унаа жолдо чуркап баратканын көрүүгө болот.
"Жаныбарды кармоого аракет кылган малдын ээсин байкаган жокмун", — деди күбө.
Ал ошондой окуяга таң калгандар көрүнүштү видеого тартып жатышканын кошумчалады.
Уйдун ээси аны сатып алып унаага саларда жибин үчүн кеткенин айтып берди. Ал эми милициядан ээсинен качып кеткен уй жолдо бараткан аялды сүзгөнүн, ал ооруканага жеткирилгенин айтышты. Малдын ээси жоопко тартылары белгилүү болду.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.