Канттагы ЖККУнун базасында Чүй облустук спартакиада башталды

© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"ЖККУнун Канттагы базасынын аскер кызматкерлери. Архив
ЖККУнун Канттагы базасынын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спартакиаданын жеңүүчүлөрү республикалык таймашка жолдомо алат

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. ЖККУнун Канттагы базасынын аскер кызматкерлери Чүй облусунун чыгыш тарабындагы лицейлер арасындагы спартакиаданын ачылышына катышты. Бул тууралуу аскер объектисинин маалымат кызматы кабарлады.

Бул иш-чара жыл сайын болуп келет. Катышуучулар аскерге чейинки даярдыктан үйрөнгөн өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Жеңүүчү республикалык деңгээлдеги таймаштарга катышат.

Таймаштын программасында чуркоо, эстафета, граната ыргытуу, противогазды ылдам кийүү сыяктуу нерселер камтылган.

25-лицейдин жетекчилиги катышуучуларга форма даярдоого жардам берген россиялык аскерлерге ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0