БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. ЖККУнун Канттагы базасынын аскер кызматкерлери Чүй облусунун чыгыш тарабындагы лицейлер арасындагы спартакиаданын ачылышына катышты. Бул тууралуу аскер объектисинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул иш-чара жыл сайын болуп келет. Катышуучулар аскерге чейинки даярдыктан үйрөнгөн өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Жеңүүчү республикалык деңгээлдеги таймаштарга катышат.
Таймаштын программасында чуркоо, эстафета, граната ыргытуу, противогазды ылдам кийүү сыяктуу нерселер камтылган.
25-лицейдин жетекчилиги катышуучуларга форма даярдоого жардам берген россиялык аскерлерге ыраазычылык билдирди.