Карыпбеков КТРК көк бөрү чемпионатын түз эфирден эмнеге көрсөтпөгөнүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКТКР телеканалынын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү
КТКР телеканалынын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда ал дүйнө чемпионатын тартууга аракет жасаганын айткан

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. КТРК Астанда өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигин түз алып бербей жаткан себебин мекеменин башкы директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, "Казакстан" ТВ каналы оюнду 15 камера менен тартып жатышат. Ал кыргызстандыктарга кийинчерээк тартууланат. Учурда Көк бөрү федерациясынын бир камерасына тартылып жаткан оюндардын сапаты "КТРК Спорттун" талаптарына жооп бербесе дагы таймаштар көрсөтүлүп турмакчы.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү: Кыргызстан менен Өзбекстан командаларынын беттеши. Учурда эмне болуп жатат
"Астанадагы көкпар оюндарын түз алып берүүгө аракет жасадык. Бирок тартуу укугу Казакстандын негизи "Казакстан" каналына берилген. Алар өзүнүн карамагындагы "Казспорт" каналына тапшырышкан. Бирок ал канал оюндарды түз эфирден көрсөтүүдөн баш тарткан. Себебин алар "Казакстан" телеканалынын бардык көчмө студиялары EXPO көргөзмөсүндө иш алып барып жаткандыктан, башка көчмө студия жок деп түшүндүрүштү. Оюндар Казакстандын аймагында да түз көрсөтүлбөйт", — деп жазган Карыпбеков.

КТРК жетекчиси "Казакстан" каналынын жетекчилиги менен сүйлөшкөндүгүн айтты.

"Казак туугандар "эгер кааласаңар биз башка жеке казак каналдарынан көчмө студия ижарага алып, сиздерге сигнал беребиз" деп айтышты. Бардык каражатты санаганда 20 000 долларга жакын акча керектелет экен. Тилекке каршы, биз КТРК бюджетинен мындай ашыкча акча таба албадык. Бул себептен Астанадагы бардык оюндар түз эмес, жазылып, анан сиздерге тартууланат", — деп жазган ал.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан командасы Монголиянын курама командасын 4:0 эсеби менен уткан. Бүгүн кыргыз улакчылары Өзбекстандык оюнчулар менен беттешип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0