Астана: кыргыз улакчылары ойнобой эле Монголиядан жеңилди. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору
Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команданы биринчи мелдештен жеңилген деген эсеп менен эртең экинчи оюнга чыгууга шарт коюлду

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчылары така чырынын улам Монголия менен беттешүүгө учурунда чыкпай калгандыктан Кыргызстандын командасы жеңилди деп эсептелди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарчы жеринен билдирди.

Анын айтымында, улуттук команданы биринчи мелдештен жеңилген деген жыйынтык менен эртең экинчи оюнга чыгууга шарт коюлду. Бирок буга кыргыз тарап нааразылыгын билдирип, оюндан баш тартарын айтып жатышат.

Көк бөрү федерациясы: оюнда тартылган муляж 10 мүнөттө айрылып калды - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү федерациясы: оюнда тартылган муляж 10 мүнөттө айрылып калды
Буга чейин Кыргызстандын улакчыларына көк бөрүгө түшө турган аттардын арткы буттарындагы такаларды чечип оюнга катышуу керек деген талаптар коюлган. Казак тарап муну көкпардын эрежесине такаган. Мындан улам Кыргызстандын улакчылары оюн талаасы кум-таш аралашкандыктан аттардын жаракат алышынан кооптонуп, мелдешке катышуудан баш тартышкан. Бирок кайра сүйлөшүүлөр жүрүп, улуттук команданын аттарына такасы менен чыгууга уруксат берилген.

Ал эми улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

"Азыр оюнга кире албай турабыз. Элчиликтен да келишип сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул маселе бир аз убакыттан кийин чечилип калат", — деди Бегалиев.

Программа боюнча Кыргызстан менен Монголиянын беттеши бүгүн саат 9.00дө башталмак.

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Мыкты улакчы Манас: Астанага аттанаар алдында улуттук командадан чыгарып коюшту
Белгилей кетсек, Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген "көкпар" (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 20-28-август күндөрү Астананын "Казанат" ат майданында өтүп жатат.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын эң мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязов Астанада өтчү дүйнөлүк чемпионатка барбай калышы коомчулуктагы талкууга жем таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0