Президент, төрага, премьер-министрдин байлыгы канча? Декларация

Жазылуу
Бийлик башында тургандар өзүнүн жана туугандарынын кирешеси, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү тууралуу отчет беришти.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы өлкө жетекчилигинин былтыркы жылы тапкан кирешеси менен чыгашасы тууралуу декларацияны жарыялады.

Таразада турган оюнчук автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттор киреше-чыгашасы тууралуу айтып турууга милдеттендирилди
Эскерте кетсек, жыл башында мамлекеттик кызматкерлердин баары мүлкү тууралуу декларация тапшырууга милдеттүү. Ал эми саясий кызматты аркалагандардын отчету аталган мекеменин сайтына жарыяланышы салтка айланып калган.

Алгачкылардан болуп президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровдун декларациясы ачыкка чыкты.

Чыгаша

Жогоруда аты аталган беш кишинин ичинен президент Алмазбек Атамбаев гана өзүнүн (8,4 миллион сом) жана жакын туугандарынын (9,5 миллион сом) былтыркы жылы короткон каражатын санап берген. Декларацияда өлкө башчы өзүнүн тапкан каражатын короткону көрсөтүлүп турат.

Турсунбеков жакын тууганынын гана чыгашасын тактаган. Декларациядагы маалыматка караганда бул сумма 1,7 миллион сомду түзөт. Калган декларанттар сарптаган акчасын белгилеген эмес.

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
1/5
Президент Алмазбек Атамбаев
© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
2/5
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
3/5
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков
© Фото / сайт Верховного суда КРЖогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева
Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева - Sputnik Кыргызстан
4/5
Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКонституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров - Sputnik Кыргызстан
5/5
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров
1/5
Президент Алмазбек Атамбаев
2/5
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков
3/5
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков
4/5
Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева
5/5
Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров

Айлыктан айлыкка чейин

Мамыровдон башкаларынын баары киреше катары айлык акысын көрсөткөн. Ал эми Конституциялык палатанын төрагасы жарандык-укуктук келишимдерден улам 1,6 миллион сом таап, сап башына чыкты. Салыштыруу үчүн айта кетсек, президент болгону 1,3 миллион сом тапса, премьер-министр 870 миң сом менен чектелген.

Производство автомобилей корейских марок на предприятии Автотор - Sputnik Кыргызстан
Автоунааңызга канча салык төлөшүңүз керек. Калькулятор
Бирок декларанттардын жакын туугандарынын кирешесин эсептей келгенде башкача жагдай түзүлөрүн көрүүгө болот. Мисалы, төраганын жакын тууганы былтыр 19 миллион сом тааптыр. Экинчи орунда өлкө башчынын тууганы турат, дивиденддер, маянасы, жарандык-укуктук келишимдер болуп 3,1 миллион сом тапса, салымдарынын пайызынан 100 миң доллар кирешелүү болгон. Өкмөт башчынын жакындары аты аталбаган продукцияны сатуудан 2,4 миллион сомго ээ болушкан. Ал эми Токбаеванын туугандары 70 миң сом тапса, Мамыровдун жакындарынын капчыгы 163 миң сомго толукталган.

Үңкүр да болсо үйүм…

Көрсө өлкөнү бийлеп тургандардын баары эле үй-жайлуу эмес экен. Мисалы, Токбаеванын 7,5 сотых жер тилкеси болсо, Алмазбек Атамбаевдин 2,7 гектар жеринин 116 чарчы метрлик курулушу бар. Жээнбеков жер үй, дача, кашар, вагон-үй жана төрт жер тилкенин, андан сырткары, 1 700 түп алма менен 2000 түп теректин ээси болуп саналат.

Турак жай боюнча алып карасак Турсунбеков аты аталгандардын ичинен эң байы болуп чыга келди. Төраганын ээлигинде алты батир бар, анын эң ирисинин аянты 214 чарчы метр экен. Андан тышкары, жер тилкеси, гараждары бар. Мамыров бир батирдин жана бир нече жер тилкенин ээси болуп чыкты.

Кыймылсыз мүлкү оголе көп тууган да Турсунбековдуку болуп чыкты: беш батир, төрт жер үй жана бир катар жер тилкелери да ушул үй-бүлөгө таандык. Өкмөт башчынын жакыны бир батир менен 20 гектар жерге ээ. Токбаева менен Мамыровдун жакын туугандарынын бирден батири бар экен. Декларацияга ылайык, президенттин жакыны эч бир мүлккө ээ эмес болуп чыкты.

Жөө жүрүп эл бийлегендер

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү салык декларациясын ким, качан, кантип тапшырышы керек
Атамбаев менен анын жакын туугандары жөө эле оокат кылары белгилүү болду, башкача айтканда, бул үй-бүлөнүн эч кимисинин унаасы жок. Ал эми Мамыровдун өзүнүн машинасы жок болгону менен тууганынын Lexus RX-300 үлгүсүндөгү эки унаасы бар. Токбаеванын менчигинде Honda Stream болсо, анын тууганы Honda HRV айдап жүрөт. Турсунбеков микроавтобуска ээлик кылса, жакынынын Lexus 570, Mercedes-Benz E-350 жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаалары бар. Жээнбековдун жеңил машинасы жок болгону менен ал эки трактордун ээси, ал эми тууганы Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа тээп жүрөрү белгилүү болду.

Дагы эмнең бар?

Өлкөнүн биринчи адамдарынын башка да байлыгы бар, мыйзамга ылайык ал мүлктөр ишенимдүү адамдардын жетегинде. Алсак, мамлекет башчы ЖЧКнын ээси болсо, төраганын беш компанияда үлүшү бар. Калган үч декларанттын башка мүлкү декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0