Азалия: үйгө бекер жетүүнү каалаган жөө кыргызстандыктарга сайт ачтым

© Фото / Турдубаева Екатерина"Попутка КГ" тобун жана poputka.kg сайтынын түзүүчүсү, активист Азалия Азатова
Попутка КГ тобун жана poputka.kg сайтынын түзүүчүсү, активист Азалия Азатова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсиңерде болсо, кыш айларында Азалия Азатова аттуу студент жол тоскон адамдарды бекер жеткирип коюуну каалаган айдоочулардын башын бириктирүү үчүн WhatsApp каналында "Попутка КГ" тобун түзгөн. Эми ал poputka.kg сайтын ишке киргизди.

Аталган сайттын кызматын жөө жүргөндөр менен аларды көздөгөн жерине бекер жеткирип коюуну каалаган айдоочулар колдоно алат.

Студент Азалия Азатова Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына баш багып, сайтты ачууга эмне себеп болгонун жана кандай тоскоолдуктарга туш болгонун айтып берди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзалия Азатова: мен "Попутка КГ" тобун түзгөндөн кийин бизден башка адамдар дагы ушул сыяктуу толгон-токой топторду түзүштү. Ар биринде 200-300дөн адам катталган. Менимче ошолордун баарын бир аянтчага жайгаштырсак, ишибиз жыйынтыктуурак болмок
Активистка, основатель сайта poputka.kg Азалия Азатова - Sputnik Кыргызстан
Азалия Азатова: мен "Попутка КГ" тобун түзгөндөн кийин бизден башка адамдар дагы ушул сыяктуу толгон-токой топторду түзүштү. Ар биринде 200-300дөн адам катталган. Менимче ошолордун баарын бир аянтчага жайгаштырсак, ишибиз жыйынтыктуурак болмок

—Азалия, алгач WhatsApp каналындагы "Попутка КГ" тобу жөнүндө айтып берсең, дагы деле активдүү иштеп жатабы?

— Ал башында түзүлгөндө абдан популярдуу болгон. Жүздөгөн адамдар кошулуп, телефондон башымды көтөрө албай калгам. Керели кечке ошол жактагы билдирүүлөрдү иреттеп, тартип бузуулар болуп кетпөөсүн карап отурчумун. Ишенсеңер, жай отуруп тамактанууга дагы убакыт тартыш болуп калган. Кийин эмнегедир басаңдай түштү. Азыр WhatsApp каналында үч, Telegram мессенжеринде бир тобум бар.

—Сайтты ачууга эмне түрткү болду?

— Мен "Попутка КГ" тобун түзгөндөн кийин бизден башка адамдар дагы ушул сыяктуу толгон-токой топторду түзүштү. Ар биринде 200-300дөн адам катталган. Менимче ошолордун баарын бир аянтчага жайгаштырсак, ишибиз жыйынтыктуурак болмок. Негизги максатым ушул.

—Эл сайтты кандай кабыл алды?

— Сайт эки күн мурун ишке кирди. Биринчи сааттардан баштап Бишкектен эле эмес, региондордон дагы билдирүүлөр түшө баштады. Демек, кимдир-бирөөлөргө чындап эле жардамы тиет окшойт деп жооруп койдум.

© Фото / Антон ИльенкоАзалия Азатова: сайтты кичинебизден бери чогуу өскөн курдашым акысыз жасап берди. Байкуш студентке жардам болсун деди окшойт. Азыр сайтты көзөмөлдөп турган командам бар
Активистка, основатель сайта poputka.kg Азалия Азатова - Sputnik Кыргызстан
Азалия Азатова: сайтты кичинебизден бери чогуу өскөн курдашым акысыз жасап берди. Байкуш студентке жардам болсун деди окшойт. Азыр сайтты көзөмөлдөп турган командам бар

—Сайтты иштетүүгө ким жардам берип жатат?

— Сайтты кичинебизден бери чогуу өскөн курдашым акысыз жасап берди. Байкуш студентке жардам болсун деди окшойт. Азыр сайтты көзөмөлдөп турган командам бар. Алгач сайт эмес, мобилдик тиркеме түзүүнү ойлогом. Анткени колдонуучуларга ыңгайлуу болмок. Бирок ал өтө кымбат жана түйшүктүү иш экен. Аны укканда маанайым чөгүп, элирип алган жаным аябай жаман болдум. Бирок досум сайт жасайлы деп сунуштап калды.

—Жөө адам менен айдоочулар бири-бирин сайттар аркылуу издеши башка өлкөлөрдө эчак көнүмүшкө айланганы менен Кыргызстанда анча өнүгө элек. Биздин эл буга даяр бекен?

Чүй облусунун Күнтуу айылдык кеңештин депутаты, тиш доктур Адилет Канымбеков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Айылга аялдама курган жаш стоматолог Адилет: башы, ичи ооруса да мага келе беришет
—Даяр эмес деп так кесе айта алам. Жөнөкөй эле мисал, айрымдар "Попутка КГ" тобун жөндөп колдоно албай коюшту. Бир убакта башка темалар боюнча сүйлөшүп кеткендер болду. Эрежени сактагыла деп айтсаң, таарынып, урушуп кетишет. Экинчиден, бул топтун ачылышы менен киши өлтүрүү, зордуктоо көбөйөт, ошонун баарына сен күнөөлүү болосуң дегендер чыкты. Аларды угуп алып аябай жаман болдум. Анткени менин жаман оюм жок болчу. Жөн гана жашоону жеңилдете турган бир нерсе болсо деп ойлогом. Анткен менен аларды дагы түшүнсө болот. Жаңы нерсе ар дайым кооптонууну жаратат эмеспи. Бирок бара-бара өз жолун табарына ишенем. Мына бизге жакын эле Алматы шаарында жөө жүргөндөр сапарлаш айдоочулардын кызматын ээн-эркин колдонушат. Менимче, биздин эл азырынча бекер нерсе болооруна ишенбей жатат окшойт.

—Дүйнөнү автостоп менен кыдырган туристтер көп эмеспи. Алгачкылардан болуп сен баштаган иш Кыргызстандагы туризмди өнүктүрөт деп ишенесиңби?

— Мен жогоруда айткандай, буга биздин эл азырынча бир аз даяр эмес экен. Бирок, акырындык менен дүйнөлүк тренддерге кошулууга туура келет да.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзалия Азатова: жакынкы келечекке пландарым бар. Алардын арасында социалдык эле эмес, өзүмө анча-мынча киреше алып келе турган долбоорлорду караштырып жатам. Азыр интернет, жаңы технологиялар менен абдан чоң иштерди жасаса болот
Активистка, основатель сайта poputka.kg Азалия Азатова - Sputnik Кыргызстан
Азалия Азатова: жакынкы келечекке пландарым бар. Алардын арасында социалдык эле эмес, өзүмө анча-мынча киреше алып келе турган долбоорлорду караштырып жатам. Азыр интернет, жаңы технологиялар менен абдан чоң иштерди жасаса болот

—Кыргызстанда туулуп-өскөн Ольга Видишева АКШ бутиктеринин товарларын сатууга багытталган Shoptiques интернет долбоору менен айтылуу Forbes журналы аныктаган рейтингге илинген. Сенин дагы ушул сыяктуу амбицияларың болсо керек?

— Албетте көп нерсени кыялданам. Жакынкы келечекке пландарым бар. Алардын арасында социалдык эле эмес, өзүмө анча-мынча киреше алып келе турган долбоорлорду караштырып жатам. Азыр интернет, жаңы технологиялар менен абдан чоң иштерди жасаса болот. Келечекте менин атым дагы бир жерден угулуп калаар.

—Өсүп келе жаткан муундун өкүлү катары айтсаң, өлкөбүздү өнүктүрүүгө эмне жетишпей жатат?

Көчмөн коомдук фондусун жетекчиси Улан Үсөйүн маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Коомдук активист Улан Үсөйүн: кайсы жерден экенимди көп киши билбейт
—Мен бул жөнүндө мурда билбептирмин, көрсө бизде билим берүү абдан начар экен. Кесибим боюнча мугалим болгондуктан, жайкы практикамды Бишкектин мектептеринин биринде өткөрдүм. Окуучулардын билим деңгээлин көрүп аябай таң калдым. Тарбиясы дагы көңүл жылытарлык эмес. Келечектеги жаштардын билим пайдубалы кантип түзүлүп жатканын көрүп зээним кейиди. Ошондуктан, курдаштарыма, бөбөктөргө айтаарым, өз алдыбызча билим алууга умтулалы. Билимдүү киши эч качан жерде калбаарына ишенем. 

Жаңылыктар түрмөгү
0