Жоголгон окуучу кыздын сөөгү БЧКдан табылды

Жазылуу
Секелек үч күн мурда сабакка кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бир нече күн мурун жоголгон 11 жашар Асел Төрөбекованын сөөгү үйүнө жакын жерден табылгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Свердлов РИИБи окуучунун жоголгондугун айтып, издөөгө алган

Бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө Лебединовкада кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Сөөк өзү жашаган үйдөн 100 метр арыраак суунун жээгинен табылды. Денесинде зордук-зомбулуктун изи жок. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал сууга чөгүп кетиши мүмкүн. Ата-энеси сөөктү тааныды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда жеринде ыкчам иликтөө тобу иштеп жатат.

Бала жоголуп кетсе кандай кадамдарды жасаш керек экендигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0