Бала жоголгон учурда эмне кылуу керек. Балдар менен ата-энелерге кеңеш

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНепогода
Непогода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши көп жерден же ири соода борборлорунан баланы жоготуп албоонун жолдорун адистер айтып келишет. Эгер бала жоголсо биринчи кезекте кандай аракеттерди көрүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп, адистердин кеңешин топтоду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын күч түзүмүнүн ардагери Дмитрий Федоров бала жоголгон учурда эмне кылып, кандай аракеттерди жасоо керектигин айтып берди.

Балдарга жол кыймылынын эрежелерин кантип үйрөтүү керек
Белгилей кетсек, 7-мартта Боом капчыгайындагы кафелердин биринен беш жаштагы кыз жоголуп кеткен. Кыздын энеси бир саатка бир жакка чыгып, кайта келип эле кызын таппай калган. Аталган факты боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын милициясына кайрылган. Кичинекей кыз ушу кезге чейин табыла элек.

Коопсуздук боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар адис баласын жоготуп алган ата-энелерге айгай салбай акыл токтотуп иш жасоо керектигин белгилейт.

  1. Айлананы карап, баланы атынан айтып кыйкырыңыз.
  2. Баланы акыркы жолу көргөн жерге барыңыз.
  3. Анын уюлдук телефонуна чалыңыз.
  4. "Ушундай кырдаал болуп кеткен учурда бул жерден жолугабыз" деп болжолдогон жерге көз салыңыз.
  5. Эгер мүмкүнчүлүк болсо үндү катуу чыгара турган жерге барып чакырыңыз.
  6. Бала кетип калышы мүмкүн болгон туугандарга жана тааныштарга чалыңыз.
  7. Баланын жоголуп кеткени боюнча социалдык тармакка жазыңыз. Ыктыярчыларды тартууга аракеттениңиз.
  8. Эгер сиз көргөн чаралар эч кандай жыйынтык бербесе милицияга кайрылуу керек. Баланы сүрөттөп, эмне кийип жүргөнүн, кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин айтып, сүрөтүн да берүү зарыл.
  9. Эгер баланы уурдап кетти деген шектенүү болсо, кимдерден шек санап жатканыңызды, акыркы жолу кандай окуялар болгонун толук айтып берүү керек.
  10. Айгай салып, далбастабаңыз.

Федоров ата-эне балага жоголуп же адашып кеткен учурдагы алгачкы аракеттерин үйрөтүшү керектигин кошумчалады.

  1. Турган ордунда калышы керек
  2. Кароолчу, милиционер же бала жетелеп жүргөн аялдан жардам суроо
  3. Аты-жөнүн, ата-энесинин телефон номерлерин жатка билүү
  4. Эгер буга чейин жоголуп кеткен учурда атайын бир жерге баруу болжолдонсо, ошол жерге багыт алуу зарыл
  5. Бейтааныш адамдар, өзгөчө чоң кишилер менен эч жакка барбаш керек, катуу жана ишенимдүү сүйлөп, эч ким урушпай турганын түшүнүүсү зарыл
  6. Эгер транспорт ичинде жоголуп кетсе, биринси аялдамадан түшүп, ошол жерден ата-энесин күтүшү керек.

IT-адистин кеңеши

Коммуникациялык технология жаатындагы адис Михаил Дудин бүгүнкү күндө жоголуп кеткен баланы табууга жардам бере турган технологиялык каражаттар арбын экенин белгиледи.

Анын айтымында, эң жөнөкөйү — GPS-навигатору бар балдардын кол сааты. Ал баланын коопсуз аймактан чыгып кеткенин маалымдап турат.

"Жеңил келип, колдонууда оорчулук жаратпайт. Айрым моделдерде үн байланышы бар, ал аркылуу баланын абалы тууралуу билүүгө болот", — деди Дудин.

Адис мындан тышкары эгер баланын уюлдук телефону болсо, анын жүргөн жерин аныктоочу кызматты кошуп коюу керектигин кошумчалады.

Балдардын уурдалышынан кантип сактануу керектин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0