Май айында катары менен 5 күн эс алуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Вальс Победы" посвященная участникам ВОВ на площади Победы
Акция Вальс Победы посвященная участникам ВОВ на площади Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында календарга кызыл дата менен киргизилген үч майрам бар.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Эмгек жана социалдык коргоо министрилиги май айында дем алыш күндөрүн жылдыруу боюнча токтом долбоорун талкууга алып чыкты.

Жизнь в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Апрель айында кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат
Документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Май айында үч майрам бар. Алар — 1-май (Эмгек майрамы), 5-май (Конституция күнү) жана 9-май (Жеңиш күнү).

Өкмөт дем алыш жана майрам күндөрүн майнаптуу колдонуу үчүн иш күн болгон 8-майды 13-майга жылдырууну сунуштады. Ошондо беш күндүк тартип менен иштеген кыргызстандыктар беш күн катары менен, 5-майдан 9-майга чейин эс алат.

Май айындагы дем алыш күндөр
Май айындагы дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан
Май айындагы дем алыш күндөр

Жаңылыктар түрмөгү
0