Жалпысынан 176 мал доктур мотоцикл менен ветеринардык шаймандарга ээ болду.
ОШ, 23-мар. — Sputnik. Ош облусунун ветеринардык сервистерине мотоцикл менен ветеринардык шаймандар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган жардам АРИС уюмунун колдоосу менен ишке ашкан.
Иш-чарага облус башчысы Таалайбек Сарыбашов катышты.
Иш-чарага облус башчысы Таалайбек Сарыбашов катышты. Ал өз сөзүндө буга чейин Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү" долбоору менен облустагы ветеринардык кызматка электрогенератор, муздаткыч, автоунаа сыяктуу жардамдар берилгенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, облус аймагында 214 жеке менчик ветеринардык сервис өз кызматын көрсөтүп келет.
Дубандагы 88 жайыт комитетинин экиден мал доктурунун ар бирине баасы 106 миң 478 сомдук мотоцикл жана ветеринардык шаймандар тапшырылган. Ошентип жалпысынан 176 мал доктур унаалуу, жаңы шаймандуу болду.