Жамиля апа тууралуу укканда эле дароо өзүнө жолугуп, маектешүүнү чечтим. Телефонуна чалсам, жумуштары менен Бишкекке келгенин айтып, интервьюга сылык-сыпаа макул болду. Чынын айтыш керек, мен эмнегедир жоолукту алдына байлаган, жай баскан апаны күткөм. Тосуп алайын деп сыртка чыга калсам, алыстан эле жылмаюсу көрүнгөн Жамиля апа шашкалактап жол чырактан өтүп келатыптыр.
Өз курагынан бир топ жаш көрүнгөн, шайдоот адам экен. Ошентип ал Sputnik Кыргызстан агенттигине кандайча комбайнчы болуп калганын айтып берди.
— Комбайн, трактор айдап калышыңызга эмне түрткү болду?
— Ким үйрөттү?
— Кооперативибизде Кубан деген комбайнчы жигит бар. Үйрөнөм деп чечкенде, дароо эле барып ага айттым. Биринчи трактордун рулуна отурдум. Аны өздөштүргөндөн кийин гана комбайн айдай баштадым. Комбайнды башкаруу оорураак экен. Бирок азыр аны айдагандан кадимкидей ырахат алам. Жаш кезиме кайра алып барып койсо, ошондо эле трактордун окуусун окуп алмак экемин деп ойлонуп коем.
— Техниканын бузулуп калган жерлерин өзүңүз оңдой аласызбы?
— Ооба, жумуш көптө киши жетишпей калат. Анда эч кимди карап отурбайм. Керектүү жабдыктарды да өзүм Бишкекке барып, "Кудайберген" базарынан алып кетем. Азыр жабдыктар боюнча жакшы билип калдым, кайсынысы сапаттуу, кайсынысы Кытайдыкы экенин жазбай тааныйм. Базарда иштеген балдар да мени таанып, "апа келди" деп калышат.
— Сиз алгач комбайн айдап чыкканда эл кандай кабыл алды?
— Таң калгандар болду. Башында эл алдына чыккандан өзүм уялып жүрдүм. Кийин көнүп кеттим.
— "Трактор айдайм" десеңиз балдарыңыз эмне деди?
— Колдошту. Алар менин кылган иштерим менен сыймыктанышат. Негизи эле өзүм Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокованы идеал тутам. Ошол экөө сыяктуу ак эмгегим менен тарыхта калсам деп кыялданам.
— Айылда талаа жумуштары кайнап турган чагында техника жетишпей, тракторчулар күнү-түнү иштеген учурлар болот эмеспи. Сиз дагы ошентесизби?
— Акыркы жылдары жаңы техника сатып алгандар көбөйө баштады. Бирок дагы деле трактор, комбайндар тартыш. Сезон учурунда түнү менен болбосо дагы түнкү саат бирлерге чейин иштеген учурлар болот. Чөбү катып же буудайы бышып кеткен дыйкандардын убалына калбай, баарылап жардам беребиз.
— Жазгы талаа жумуштары башталайын деп калды. Азыр техникаңыз даяр элеби?
— Сиз оптимисттик көз караш менен айыл турмушун жакшыртууну каалайт экенсиз. Ал эми жаштар жумуш жок деп качып калышты…
— Айылда жумуш жок дегенде мен такыр кошулбайм. Россия, Казакстанга кетип, бир бөлмө үйдө он чакты киши болуп жашаган мигранттарыбызга дагы боорум ооруйт. Кыргызстанда жер кенен, топурагы алтын, абасы, суусу таза. Эмгектенүүдөн коркпой эле бир ишти баштасаң, акыры үзүрүн көрөсүң. Айыл-чарбанын келечеги алдыда. Башка өлкөлөрдү айтпай эле, Кыргызстандын өзүнө тамак-аш импорттобой, өзүбүз баарын өстүрсөк, дыйкандар жыргап-куунап жашаганы турат. Болгону ичи тарлык менен жалкоолуктан арылыш керек.