Наркологдун айтымында, адам той-топурда бир ууртам алып коеюн деген оомалыктан арылбаса, аягы жаман болот.
— Алгач айтсаңыз, аракечтик деген эмне? Оорубу же адатпы?
— Адам күнүмдүк жашоодо той-аш, жакшылыктарда аздан ууртап-татып отуруп, бара-бара организмдеги химиялык заттар өзгөрөт. Акырындык менен ичимдикке болгон көз карандылык пайда болот. Айрымдар беш жылдан кийин, кээде бир жылда эле берилип кетет. Аракечтик — оору. Аракеч өзү эле оорубайт, дарты үй-бүлөсүнө, туугандарына терс таасирин тийгизет. Ал ичип келген күнү бардыгынын маанайы бузулат, акырындап кадыр-баркы түшөт. Мындайча айтканда, аракечтик коомдун да көйгөйү.
— Аялдарды аракечтиктен дарылоо, калыбына келтирүү абдан оор деп айтышат экен?
— Сизге кайрылган бейтаптар кимдер, канча жаштагылар?
— 30 жаштан баштап 70-80 жашка чейин кайрылгандар бар. Бирок азыр аракечтикке кабылгандардын арасында 25 жаштагы уландарды, 20-21 жаштагы кыз-келиндерди да көрүүгө болот. Бул, албетте өкүндүрөт.
Өспүрүмдөр арасында аракка көз карандылык аз. Алар көбүнчө таксикомания диагнозу менен келишет. Маселен, клей, бензин, химиялык заттарды жыттап алышат. Арасынан нашаа колдонуп, адатка айланткандарды да көрүүгө болот.
— Аракка берилгендер менен сүйлөшкөндө анын себебин кантип түшүндүрүшөт?
— Себептери ар түрдүү. Көбү жашоодон ордун таба албай калгандар, стресс, депрессияга кабылып, күйүтүн арактан чыгаргандар, айрымдар ичимдикти жөн гана жашоо образына айлантып алышат.
— Мас болгондор күлүп, каткырып же ыйлап калышат. Мындан улам арак деле ар кимдин мүнөзүнө жараша таасир этет десек туура болобу?
— Айрым адамдар ичип жүрүп, айрым бир себептерден улам бир убакытта токтотуп коюшат экен. Бул организм үчүн зыян эмеспи?
— Бул жаңылыш ой. Көбү ичип жүрүп токтотуп койсом эмне болот деп кооптонушат. Биз адамды пахмелдик синдромдон медициналык негизде арылта алабыз. Дары-дармек берип, дары тамчылатып дегендей. Ал эми өзүм билемдикке салып ичимдикти токтотуу, албетте зыян.
— Маселен, европалыктар ичимдикти күнүмдүк жашоосунда аз-аздан ичип, тамак катары колдонушат экен. Бирок аларда биздикиндей терс таасирлер, кадамдар байкалбайт дешет. Ошондо арак деле жакчу кишиге жагат десек туура болобу?
— Европа менен салыштырганда бизге ичимдикке туруштук берүүчү алкаголдук гидрогенеза ферменти аз өлчөмдө. Ошондуктан тез берилебиз. Мисалы, Францияда жүзүм өстүргөндөр арбын, винону тамак менен ууртап-татып ичишет. Алар үчүн бул көнүмүш адат. Биздин ата-бабаларыбызда мындай нерсе жок болгон, ичимдик ичип көнгөн эмеспиз. Азия өлкөлөрүндө, керек болсо Россияда илгери вино өндүрүүчүлөр болгон эмес. Тегибизде болбогон нерсени кабыл алуу, албетте, оор.
— Аракечтиктен кантип арылууга болот, дарылоо жолдорун айта кетсеңиз?
— Биринчи детокс терапия деген ыкма аркылуу канын тазалайбыз. Бейтаптарымдын 95 пайызы ушул этап менен дарыланып чыгып кетишет. Экинчи этап психотерапия — жеке же тобу менен жүргүзүлө турчу ыкма. Үчүнчү этап — блокаторлук ыкма. Мында адамды ичимдикке көз каранды кылган каналдарын жаап салышат.
Биринчи кезекте ичимдики таштайм деген кишинин эрки күчтүү болушу керек. Маселен, аракеч ичкиси келгенде дүкөнчүдөн карызга алабы, үй-бүлөсүнө жаман көрүнөбү, тыйындарын чогултабы, айтор максатына жетет. Биз ошол эле күчтү ичимдиктен арылтууга жумша деп көндүрөбүз. Анткени, адам колунан келбей турган нерсе жок.
— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?
— Арак менен достошкондун арты жакшылыкка алып барбайт. Той-топурда көңүл үчүн алып койгон ичимдиктер алды кийин сизди өзүнө тартып, көз каранды кылып алат. Андыктан араксыз, сергек жашоого өтүңүздөр. Аракечтик өмүрдү кыскартат.