Илим Карыпбековдун апасы Минск шаарынан келди

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор КТРК Илим Карыпбеков
Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илим Карыпбековдун апасы ЕАЭБде сот болуп эмгектенет.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган КТРК жетекчиси Илим Карыпбековду көрүү үчүн апасы Минск шаарынан учуп келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Карыпбековдун кесиптеши, "Ала-Тоо 24" маалымат каналынын директору Жылдыз Жумабекова билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБде сот болуп иштеген Айжамал Ажибраимова Минск шаарынан 1-март күнү учуп келген.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн.

"Кечээ күнү баласы менен жолугуп, сүйлөшүп чыкты. Буюрса, баары жакшы. Илимдин спорт менен машыккандыгы жардам берди деп ойлойм. КТРК жамааты анын батыраак сакайып кетишин тилеп жатат", — деди Жумабекова.

Ал эми Бишкек шаарындагы Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунан Карыпбековдун ден соолугу жакшырып келе жатканын билдиришти.

Жол кырсыгына кабылган Илим Карыпбековго биринчилерден болуп жардам берген Тез жардам кызматкерлери менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0