Дача айылындагы авиакырсыктын чыгымдары эсептелип бүттү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПервый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев в Дача СУ
Первый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгымдар эсептелип түрк тарапка жиберилди. Ал эми там-ташы жарабай калган тургундар үй-жайлуу болору айтылды.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Boeing-747 учагы кулаган Дача айылына барып андагы тургундар менен жолугушуу өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу куран окутуу менен башталып, Абулгазиев тургундарга авиакырсыктын чыгымдары эсептелип бүткөнүн билдирген.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Boeing-747 учагы кулаган Дача айылына барып андагы тургундар менен жолугушту
Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Boeing-747 учагы кулаган Дача айылына барып андагы тургундар менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Boeing-747 учагы кулаган Дача айылына барып андагы тургундар менен жолугушту
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАлып келинген гуманитардык жардам
Алып келинген гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алып келинген гуманитардык жардам
1/2
Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Boeing-747 учагы кулаган Дача айылына барып андагы тургундар менен жолугушту
2/2
Алып келинген гуманитардык жардам

"Кыргызстан түрк тарапка чыгымдардын суммасын көрсөткөн расмий кат жиберди. Биздин эсеп боюнча чыгымдардын жалпы көлөмү 195 миллион сомду түздү. Түрк тарап башынан эле биздин катты окуп чыгууга жана жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирген. Алар ошондой эле ата-энесиз калган эки баланын билим алуусун каржыламай болушкан", — деди атка минер.

Биринчи вице-премьер жарандарды компенсация төлөттүрүү боюнча юридикалык жардам сунуштаган тараптардан оолак болууга чакырды.

Сотрудники МЧС КР на месте авиакрушения грузового самолета Boeing 747 авиакомпании MyCargo Airlines в Дача СУ. - Sputnik Кыргызстан
МАК Дача айылындага авиакырсык боюнча айрым маалыматтарды ачыкка чыгарды
"Мамлекет — сиздердин адвокатыңыздар жана мамлекет гана сиздердин утушта болушуңар үчүн кызыкдар", — деп белгилеген Абулгазиев.

Ал ошондой эле ӨКМдин атайын эсебине дагы 91 миллион сом чогулганын билдирип, жарандар турак үйлүү болушаарын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Анын ичинде экипаждын 4 мүчөсү да болгон.

Дача айылындагы авиакырсыктан кийин кандай иштер жасалганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0