Дача айылындагы авиакырсыкка бир ай толду. Эмне жасалып, эмне өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Үй-жайсыз калгандар мейманкана жана убактылуу батирлерге жайгаштырылып, жабыркагандарга жардам берүү үчүн ӨКМ ачкан атайын эсепке учурда 88 миллион сом чогулду.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Мындан туура бир ай мурда, 16-январда, эртең менен Бишкекке жакын жердеги Дача айылына Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык жүк ташуучу учак кулап, кыргыз эли кан жуткан эле. Бул кырсык 39 кишинин өмүрүн алган. Арасында ымыркайлар дагы бар болчу.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы учурдагы абал кандай экенине абай салып көрдү. 

12 үй бүлөгө баш паанек

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 12си убактылуу батирлерге киргизилген.

"Эл "Манас" айылына, Бишкектеги 10-кичи районундагы жана Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөргө жайгаштырылды. Берилген батирлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша бөлүндү. Мунун бардыгын өкмөт өз мойнуна алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркагандар жашап жаткан батирлерде бардык шарттар түзүлгөн. Жылуулук системасы, тиричилик буюмдары жана башка нерселер бар. Куран окуткан күндөрү үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылып берилген. 

Бир ирмемде ата-энесиз калган Жакшылык менен Султан

Белгилүү болгондой учак кырсыгынан жети жаштагы Жакшылык Шералиев менен Султан Сыдыков аттуу эки жаш бала тоголок жетим калган. Таң атпай эки бала бир көз ирмемде эле ата-эне, бир туугандарынан ажырап, үй-жайсыз калышкан. Учурда Жакшылык Шералиевди асырап алууга чоң атасы Шералы Сатыбалдиев документ топтоп жатат. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине небереси чоң апасы менен бирге туугандарынын үйүндө жашап жатканын айтты.

"Жакшылык реабилитациялык курстан өтүп, аны менен психологдор иштешти. Азыр мектепке бара баштады, Аламүдүн районундагы Пригородное айылындагы мектепке которушкан. Учурда өкмөт неберем үчүн өзүнчө батир бөлүп беребиз деп сөз берүүдө", — деди Жакшылыктын чоң атасы.

Кукла с цветами на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсык: тажикстандык активисттер Жакшылыкка кат жазып, оюнчуктарды жиберишти
Ал эми Султанды ата-энеси жерге берилгенден кийин чоң ата, чоң апасы алып кеткен. Алар да баланы өздөрүнө каттатууну пландап жатышат. Султандын чоң атасы Рахат Сыдыков небереси мектепке барып жатканын айтып, кайрымдуу элдерден материалдык жардамдар келип жатканын кошумчалады.

"Султанды улам-улам психологдорго көргөзүп жатабыз. Дарыгерлер анын ден-соолугу жакшы экендигин айтышты. Бизге жөнөкөй эле адамдар, ишкерлер, өкмөт жардам берип жатат. Ал тургай Бириккен Араб Эмирлигинен ишкер аял демөөрчү болуп, ай сайын небереме жөлөк пул төлөп бермей болду. Жалпысынан биз эч кимге нааразы эмеспиз", — деди наристенин чоң атасы Рахат Сыдыков.

Жакшылык менен Султанга балдар үчүн депозиттер системасы менен банкта эсеп ачылган. Каражатты жашы жеткенде өздөрү каалагандай пайдалана алышат. 

Атайын эсеп жана кырсыкты иликтөө

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, авиакырсыктан жабыркаган Дача айылынын тургундарына жардам берүү максатында ачылган банктык эсепке түшкөн каражаттардын суммасы 15-февраль күнү 88,67 миллион сомду түздү. Эсеп ачык бойдон калып, акча дагы деле түшүүдө.

Сокулук районунун Электромеханик дачасына көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
Төрөтканасы Сокулукта, свети Аламүдүндө. Дачалыктардын өз шору өзүнөбү?
Өкмөттүн маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине чогулган жардамды таратып берүү качан башталаары белгисиз экенин билдиришти. Ал эми биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев каражаттар адилеттүүлүк менен бөлүштүрүлөрүн кошумчалады.

Кырсыкты иликтөө иштери менен КМШнын Мамлекеттер аралык авиациялык комитети (МАК) алектенүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, адистер учурда "кара ящиктердин" бириндеги экипаждын кабина ичинде жана "Манас" аэропортунун диспетчери менен сүйлөшүүсүн анализдеп жатат.

Кыйраган учактын калдыктары кулаган жеринен алынып, аэровокзалдын аймагына жеткирилген.

Кырсыкты иликтөө жалпысынан жарым жылга созулушу мүмкүн. 

Камсыздандырылган каргаша

АСТ компаниясын тейлеген "Евразия" камсыздандыруу фирмасы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Дача айылында жабыркагандарга төлөнө турчу компенсациянын суммасы тактала электигин билдирди.

"Төлөнө турчу акыркы сумма канча экенин азыр так айтуу кыйын. Анткени камсыздандыруу үчүн бардык маалыматтар жана документтер топтолуп жатат. Биз Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин жыйынтыгын күтүп жатабыз", — деп компаниядан билдиришти.

Турак үйлөрдүн үстүнөн учуп бараткан учактын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Аэропорт жанына түшкөн айыл-кыштактар. Кооптуулук коштогон учурлар
Аталган авиакырсыктан кийин аэропортторго жакын жайгашкан калктуу конуштарды алысыраак жакка көчүрүү маселеси көтөрүлдү. Себеби, өлкөдөгү дээрлик бардык аэропортторго жакын жерде эл жашайт.

Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, Баткен менен Жалал-Абад аэропортунун учуп-конуу тилкелерине жакын жердеги жерлер мыйзам бузуу менен берилгенин аныктаган. Мында аэродромго жакын жайгашып, кооптуу деп 20 имарат табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0