Президент Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Түркиядан Москвага келди

© Sputnik / Григорий Соколов / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы буга чейин жүрөк оорусун дарылаган доктурлардын көзөмөлүндө болот.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын биринде экени айтылган.

Маалыматта Атамбаев Москвага россиялык адистердин сунушу жана чакыруусу менен келгени белгиленет.

"Өлкө башчы Россия президентинин иш башкармалыгынын борбордук клиникасына 23-сентябрь күнү келди. Президент буга чейин жүрөгүн дарылаган дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Москвага Кыргызстандын президенти жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, кардиолог Гүлмира Баитова да келди.

Оорусуна байланыштуу өлкө башчы сентябрдын аягына чейин эмгек өргүүсүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0