Тоңдо жааган мөндүр 253 га жердеги эгинди жаратпай салды

© Фото / Эдил МелисбековМөндүрдүн кесепети. Архив
Мөндүрдүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжолдуу чыгым 2,5 миллион сомдон ашты.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-23-август күндөрү катуу жаап өткөн мөндүрдөн Тоң районундагы бир нече айылдардын 253 гектар жерге айдалган дан эгиндери жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Көл-Төр айыл аймагындагы Көл-Төр, Тогуз-Булак, Коңур-Өлөң айылдарына, Болот Мамбетов айыл аймагындагы Жер-Үй, Көк-Сай айылдарына жана Ак-Терек айыл аймагындагы Калкагар айылына зыян тийген. 

Алдын ала маалымат боюнча болжолдуу чыгым 2 миллион 527 миң 766 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0