"Азия MIX" командасындагы Ситора: лицензиядан кол жууганыма ишенбей турам

© Фото / Миртохир ГулямовКВН "Азия MIX" командасынын катышуучусу Ситора Фармонова. Архив
КВН Азия MIX командасынын катышуучусу Ситора Фармонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандык актриса жана ырчы бул маалыматты укканда аябай таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Шаршемби күнү Өзбекстандын артисттерине лицензия берген "Узбекнаво" эстрадалык бирикмеси Ситора Фармонова, Сарвора Азимова жана Комила Фозиловалардын лицензияларынан ажыраткан. Анын себебин "Узбекнаво" так айткан эмес.

Актриса жана ырчы Ситора Фармонова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине лицензиясынын ажыраган кабарды кандай кабыл алганын сурады.

"Чынында толук маалыматты билбейм. Азыр бул маселе боюнча продюсерим иштеп жатат. Лицензияны алып койгонун укканда аябай таң калдым. Азырынча эч кандай түшүндүрмө бере албайм", — деди ырчы.

Шайыр жана тапкыч бишкектиктерге өзбекстандык ырчы жана актриса Ситора Фармонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" мүчөсү, Ситора: кичинемде эркек баладай элем
Ал окуянын чоо-жайы тууралуу кийин толук маалымат бере турганын кошумчалады.

Ситора Фармонова "Азия MIX" КВН командасында чыгып жүрөт. 17-июлда команда Светлогорск шаарында болгон "Голосящий КиВиН — 2016" фестивалында "Алтын Чоң КиВиН" кубогун утуп, биринчи орунга татыган.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын "Узбекнаво" бирикмеси бир катар ырчыларды лицензиясынан ажыраткан. Алардын арасында ырчы Лола, Тамиля бар

Жаңылыктар түрмөгү
0