Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич — өмүр баяны
05:27 05.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ыйман Нуру" Жолдубай Сагынбаев
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"
Жазылуу
Жолдубай Сагынбаев 1971-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде инженер-технолог багытында билим алган. Кийин Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция бөлүмүн аяктап, ошондой эле Кыргыз экономикалык университетинен финансы жана кредит адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
- 2003-2008 — ар кандай коммерциялык структураларда иш алып барган;
- 2008-2009 — Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын Маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук консультанты;
- 2009-2010 — Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо секторунун башчысы. Ошол эле жылы иш башкармалыктын имараттарды эксплуатациялоо жана коммуникация бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- 2010-2011 — Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын социалдык, чарбалык жана турак жай менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2016 — Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчисинин жардамчысы болгон.