Сагынбаев Жолдубай Бөрүбаевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ыйман Нуру" Жолдубай Сагынбаев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ыйман Нуру Жолдубай Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Жолдубай Сагынбаев 1971-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде инженер-технолог багытында билим алган. Кийин Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция бөлүмүн аяктап, ошондой эле Кыргыз экономикалык университетинен финансы жана кредит адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 2003-2008 — ар кандай коммерциялык структураларда иш алып барган;
  • 2008-2009 — Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын Маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук консультанты;
  • 2009-2010 — Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо секторунун башчысы. Ошол эле жылы иш башкармалыктын имараттарды эксплуатациялоо жана коммуникация бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2010-2011 — Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын социалдык, чарбалык жана турак жай менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016 — Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчисинин жардамчысы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0