Чыдынов Космосбек Маматжанович — өмүр баяны
01:03 04.11.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Космосбек Чыдынов
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"
Жазылуу
Космосбек Чыдынов 1980-жылы 12-апрелде Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2001 ― "Үмүт" телестудиясында диктор, кабарчы;
- 2003-2004 ― Ош облусунун Туризм, спорт, жаштар саясаты комитетинде жаштар саясаты тармагынын жетекчиси;
- 2004 ― Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде мугалим;
- 2004 ― "Үмүт" телерадиостудиясында диктор;
- 2005-2010 ― КТРКнын "Ала-Тоо" маалыматтык-аналитикалык борборунда кабарчы, редактор, баяндамачы-алып баруучу;
- 2008 ― Жогорку Кеңештин төрагасынын катчысы, башкы консультант;
- 2010-2014 ― Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары;
- 2014-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
- 2016-2018 ― Өкмөттүн аппаратында кызматкер, вице-премьер-министрдин жардамчысы;
- 2018-2020 ― Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн эксперти;
- 2020-2021 ― Президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө эксперт.