Чыдынов Космосбек Маматжанович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Космосбек Чыдынов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Космосбек Чыдынов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Космосбек Чыдынов 1980-жылы 12-апрелде Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 2001 ― "Үмүт" телестудиясында диктор, кабарчы;
  • 2003-2004 ― Ош облусунун Туризм, спорт, жаштар саясаты комитетинде жаштар саясаты тармагынын жетекчиси;
  • 2004 ― Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде мугалим;
  • 2004 ― "Үмүт" телерадиостудиясында диктор;
  • 2005-2010 ― КТРКнын "Ала-Тоо" маалыматтык-аналитикалык борборунда кабарчы, редактор, баяндамачы-алып баруучу;
  • 2008 ― Жогорку Кеңештин төрагасынын катчысы, башкы консультант;
  • 2010-2014 ― Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 2014-2015 ― Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты;
  • 2016-2018 ― Өкмөттүн аппаратында кызматкер, вице-премьер-министрдин жардамчысы;
  • 2018-2020 ― Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2020-2021 ― Президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө эксперт.
Жаңылыктар түрмөгү
0