Мамыров Акылбек Абдикаримович — өмүр баяны
05:03 03.11.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Акылбек Мамыров
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"
Жазылуу
Акылбек Мамыров 1984-жылы 17-декабрда Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин экономика факультетин, Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын "юриспруденция" адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2003-2006 ― "Беш-Бадам" фермердик чарбасынын аткаруучу директору;
- 2006-2007 ― "Суро-Таш" асыл тукум мал чарба кооперативинин аткаруучу директору;
- 2005-2008 ― Trans way VIP ишканасынын жарнак иштери боюнча ага менеджери;
- 2009 — "Скай Мобайл" ЖЧКсынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн директору;
- 2009-2010 ― "Скай Мобайл" ЖЧКсынын Нарын аймактык бөлүмүнүн директору;
- 2010-2011 ― "Скай Мобайл" ЖЧКсынын массалык сегмент үчүн сатуу кызматынын жетекчиси;
- 2012-2013 ― "Балтика" ЖЧКсынын башкы директору;
- 2013-2014 ― "М-Груп Трейдинг" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
- 2019-жылдан тартып "АМК Лимитед" ЖЧКсынын башкы директору.