Акаева Бермет Аскаровна — өмүр баяны

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАкаева Бермет Аскаровна
Акаева Бермет Аскаровна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бермет Акаева 1972-жылы 3-июнда Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү:

Атасы Аскар Акаев белгилүү окумуштуу, академик, физика-математика илимдеринин доктору, 1990-2005-жылдары Кыргызстанды башкарган. Энеси Майрам Акаева — профессор, машина жана механизм жаатында адис. Айдар, Илим, Саадат аттуу бир туугандары бар.

1998-жылы Казакстан жараны Адил Тойгонбаевге турмушка чыгып, уулдуу болушкан.

Билими:

1989 — Бишкектеги №61 физика-математика мектебин аяктаган;

1993 — Москвадагы мамлекеттик университеттин эсептөө математикасы жана кибернетика факультетин аяктаган;

1994 — Швейцариянын Лозанна шаарындагы бизнес мектепте магистратурасын бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү:

1994-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунда эмгектенген;

2000-жылдан баштап Швейцариянын "Intracom General Machinery S.A" компаниясында иштеген;

2003-2005 — "Ага-хан" фондунда координатор;

2005-жылы март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышына депутат болуп шайланган. Төңкөрүштөн кийин, май айында Борбордук шайлоо комиссиясы Акаеваны депутаттык мандатынан ажыраткан.

Китептери:

2004-жылы кыргыз-орус тилдеринде балдар үчүн "Мен жана менин мекеним" аталышындагы китеби жарык көргөн. Ал "Кыргызстан — менин мекеним", "Кыргызстандын ыйык жерлери", "Бабалардын салттары", "Манасчы" жана "Баатыр" деп аталган беш томдон турат.

2019-жылы март айында атасы Аскар Акаев менен биргеликте "Кыргызстандын өнүгүүсүн илгерилетүү стратегиясы" аттуу китебин жарыкка чыгарган.

Билген тилдери: орус, англис жана француз.

Маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0