Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович — өмүр баяны

© Sputnik / Исмаил МамытовЭкс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов
Экс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аликбек Жекшенкулов 1957-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.

Билими:

1980 — Украинанын айыл чарба академиясын аяктаган;

1996 — Казакстан мамлекеттик университетинде билим алган;

1999 — РФ ТИМдин дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1980-1982 — Токой чарба мамлекеттик агенттигинин, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы бөлүгүнүн жетекчиси;

1982-1986 — Аламүдүн райондук комсомолдор комитетинин биринчи катчысы;

1986-1988 — КССР Ленин коммунисттик жаштар союзу борбордук комиссиясынын катчысы;

1988-1990 — Ош облустук комсомолдор комитетинин биринчи катчысы;

1990-1992 — КР жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары;

1992-1994 — КР президентинин аппаратында референт;

1992-1994 — Жогорку Кеңеште эл аралык жана парламенттер аралык байланыш комиссиясынын төрагасы;

1994-2000 — КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

2000-2004 — Кыргызстандын Австриядагы элчиси. Ошол эле учурда Кыргызстандын ОБСЕдеги өкүлү болгон;

2004 — КР президенттин администрациясындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

2004-2005 — Президенттин администрация башчысынын орун басары;

2005-2007 — КР тышкы иштер министри;

15.01.2019 — Кыргызстандын Россиядагы элчиси.

Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0