Токтосунова Нурзат Темирболотовна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАлып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив
Алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурзат Токтосунова 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында жарыкка келген.

Үй-бүлөсү:

Атасы Темирболот Токтосунов, апасы Бүбүш Абдылдаева. Айылда дыйкан чарба жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Нурзат сегиз бир туугандын кенжеси. Турмушка чыккан.

Билими:

1989-2000 — Зууракан Батырбаева атындагы Ичке-Суу орто мектебинде билим алып, артыкчылык менен окуган;

1997-2000 — мектеп президенти;

2000-2005 — Ататүрк-Алатоо университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алган. Төрт тилде сүйлөйт (англис, түрк, орус, кыргыз).

2009-2012 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "Социалдык-маданий ишмердүүлүк" факультетинде окуган.

2017-жылдан тарта Ишенаалы Арабаев атындагы университетте аспирантурада окуп, "Манас таануу" боюнча кандидаттык ишин жазууда.

Иш тажрыйбасы:

2005-2007 — "ALGA BM TRADE" компаниясында башкы директордун ассистенти;

2007-2009 — "ТОО ДОС Инжиниринг" кадрлар бөлүмүнүн адиси (Алматы, Казакстан);

2009-2013 — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий иш-чаралар бөлүмүндө башкы адис;

2014 — TRT-түрк каналында алып баруучу (Анкара, Түркия);

2015-2017 — Кыргыз улуттук филармониясында алып баруучу;

2017-жылдан бери "24 ТВ", "МАРАЛ" телекомпанияларында байкоочу кеңештин мүчөсү;

2005-жылдан бери Коомдук биринчи каналда алып баруучу. Келишимдик негизде "Улуттук хит-парад", "Браво", "Акыл ордо", "Эрудит", "Ден соолук", "Асман" жана башка долбоорлорду алып барган.

2008-2012 — "Тамашоу" жаштар лигасында тил редактору;

2012-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен алып баруучулук жана журналистика боюнча "NUR академиясы" аталышындагы кошумча окутуу курсун ачкан;

Мындан сырткары, бир канча мамлекеттик жана эл аралык ири иш-чараларды тейлеп келет. Маселен, "Курманжан датка — 200", "Уркуя — 100", "Куйручук — 145", "Жусуп Баласагын — 1000", "Исхак Раззаков — 100", "Токтогул Сатылганов — 150" жылдыгынын, "Ысык-Көлдө кадыр түн", "Мейкин Азия", Москва шаарындагы "Мавлид", Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндары сыяктуу иш-чараларды алып барган.

Сыйлыктары:

2011 — КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамота;

2012 — "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси;

2016 — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;

Мындан сырткары, алып баруучулук жана билим боюнча телеканал, радио, гезит-журналдар жана жеке компаниялар уюштурган 20дан ашык конкурстун жеңүүчүсү.

Фильмография:

"Саякбай", "5000 сом", "Колибри", "Талаш тагдыр", "Президент жана бомж", "Мунабия" тасмаларына тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0