Баймуратов Калдарбек Шакирович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБаймуратов Калдарбек Шакирович
Баймуратов Калдарбек Шакирович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калдарбек Баймуратов 1958-жылы 19-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таштак айылында төрөлгөн.

Билими:

1975 — Сузак районунун Барпы айылындагы орто мектепти аяктаган;

1976-1981 — Фрунзе шаарындагы политехникалык институту:

Эмгек жолу:

1981-1984 — Жалал-Абадда ЛКСМда инструктор, бөлүм башчы;

1984-1988 — "Кыргызсууканалда" прораб, бөлүм башчы;

1988 — Фрунзе шаарындагы "Айылкурулуш" АКтында сырткы-экономикалык байланыш бөлүмүндө башкы адис;

1992 — "Айылкурулуш" АК атынан Кыргызстандагы Түркия элчилигинде техникалык жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн;

1994 — август айынан баштап кайра мурунку кызмат ордуна которулган;

1996 — "Айыл курулуш" АКда вице-президент;

1998 — Жайыл районунда акимдин орун басары;

2002-2005 — Чүй районунда акимдин биринчи орун басары, өнөр-жай тармагында куратор;

2005 — КР президентинин аппаратында уюштуруу бөлүмүндө инспектор;

2007 — КР президентинин аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө кадр маселеси боюнча жетекчи;

2009-2010 — КР президентинин аппаратында ишмердүүлүктү камсыздоо комиссиясын жетектеген.

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Республика – Ата Журт" саясий партиясынан депутат болгон.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0