Бокоев Кенжебек Сатымкулович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депуаты Кенжебек Бокоевдин архивдик сүрөтү
ЖК депуаты Кенжебек Бокоевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бокоев 1967-жылдын 27-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Жогорку билимдүү. Москва шаарындагы Скрябин атындагы ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн.

1985-1987 — Советтик Армиянын катарында Афганистанда кызмат өтөгөн;

1992-1995 — жеке ишкер;

1995-1997 — Кара-Буура районундагы "Токчулук" дыйкан чарбасынын башчысы;

1997-1998 — "Кол кабыш" ЖЧКсынын директору;

1998-2005 — Талас облусундагы "Кутман Ордо" фермердик ассоциациясынын төрагасы;

2005-2010 — Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы;

2010-2015 — "Республика" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешитин V чакырылышынын депутаты;

2015-жылдан тарта "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы. Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеӊешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0