Жээнчороев Мирлан Канатбекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жээнчороев Мирлан Канатбекович. Архив
Депутат Жээнчороев Мирлан Канатбекович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Жээнчороев 1980-жылы 10-мартта Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган.

Билими жогору. 2002-жылы КРСУнун юридикалык факульетин бүтүргөн. Юстициянын ага лейтенанты, мамлекеттик кызматтын 1-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Эмгек жолу:

  • 2012-жылдан бери "Республика" фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
  • Октябрь, 2015 — "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты;
  • Декабрь, 2019 — "Республика" партиясынын лидери.

Сыйлыктары:

КР улуттук гвардиясынын Мактоо грамотасы жана юбилейлик медалы; Адилет минстрлигинин Ардак грамотасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0