00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан меняет правила приема иностранных студентов: как это будет работать?
08:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Асман Эйрлайнс” кандай өнүгүүдө: ички каттамдар, жаңы учактар жана кадрдык чакырыктар
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Наследники
Гениальный отец и служение людям длинной в жизнь: интервью с Сыргой Боконбаевой
10:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Мектеп менен бала бакчалардагы тамак-аштын сапаты" аттуу тегерек стол

Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Мектеп менен бала бакчалардагы тамак-аштын сапаты — чукул арада кырдаалды жөнгө салуу керек" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 23-апрелде саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда мектептер менен бала бакчаларда ысык тамак уюштурууда көйгөйлөр бар. Борбор калаадагы 121 мектептин 49унда ысык тамак даярдоого тийиштүү шарттар жок. Ашканалардагы жабдыктарды алмаштыруу көйгөйү курч.

2017-жылы 74 мектепке санитардык абал боюнча эскертүү берилсе, 43үнө айып пул салынып, дагы үчөөнүн иши убактылуу токтотулган.

Бала бакчаларда берилген тамак-ашта белок, май, углевод аз экени аныкталган. Бир балага болгон суткалык норма сакталбай келет. Өткөн жылы Бишкектеги 80 бала бакчага эскертүү берилген. Эреженин бузулгандыгы үчүн 77 жетекчи менен жоопкер тараптар айыпка жыгылган.

Көптөгөн ата-энелер тарабынан нааразычылыктар түшүүдө. Алардын айтымында, бала бакчаларда балдарга булочка менен чай гана берилет. Менюда ысык тамак каралган эмес.

Тегерек столдун катышуучулары өлкөдөгү мектептер менен бала бакчалардагы тамак-аштын сапатын талкуулап, көйгөйдү жоюу жолдорун сунушташат.

Катышуучулар:

НИКИТЕНКО Наталья Владимировна — Жогорку Кенештин депутаты;

БУЮКЛЯНОВ Артур Ишханович — Бишкектеги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;

ЭЛЬЖУРКАЕВ Мовсар Вахаевич — БУУнун мектептердеги тамак-аш боюнча программасынын КРдеги адиси;

КОШУБАКОВА Мария Ысакуловна — Балдар менен өспүрүмдөрдүн гигиенасы менен ооруларды алдын алуу маселесин караган Санэпид көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери;

САЛОМАХИНА Наталья Сергеевна — диетолог;

Билим берүү министрлигинин өкүлү;

Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын өкүлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0