Жети-Өгүз шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси. Жан сакчы жана депутаттар

© SputnikЖети-Өгүз шайлоо округу
Жети-Өгүз шайлоо округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
№ 34 округдагы шайлоочулардын саны — 108 452. Бул аймактан ЖКнын эки депутаты, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы талапкерлигин койгон.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун №30 Жети-Өгүз шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул аймактан Жогорку Кеңештин депутаты мандаты үчүн 17 жаран ат салышууда.
Талапкерлердин материалда көрсөтүлгөн ирети бюллетендеги катар номерине карап жазылды.
  1. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович, 17.08.1984, Кыргыз-түрк "Манас" университетинде финансы багыты боюнча окуган. Кыргыз улуттук университетинде "экономика" адистигин бүткөн. "Фэйр энд Састэйнэбл Дивелопмент солюшенс" коомдук фондунун жетекчиси;
  2. Омуралиев Арыстанбек Мелисович, 26.04.1982, Кыргыз техникалык университетинин "электр жабдуу" адистигин аяктаган. Жумушсуз;
  3. Абдрахматова Атыр Болотбековна, 07.02.1981, Кыргыз улуттук университетинен "юриспруденция" адистигин окуган. "ЭКУО ГРУП" компаниясынын директору;
  4. Айтакунов Бактыбек Кубатович, 04.06.1983, Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин бүткөн. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес.
  5. Иманкожоева Эркингуль Бекбачаевна, 19.10.1966, Ташкенттеги Текстиль жана жеңил өнөр жай институтунда "трикотаж чыгаруу" адистигин бүткөн. Жумушсуз;
  6. Казакбай уулу Замирбек, 26.10.1977, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда "радио режиссёру" адистигин бүткөн. "Миң кыял FM" радиосунда баяндамачы;
  7. Жапаров Талантбек Рысбекович, 12.10.1963, Ысык-Көл мамлекеттик экономика жана менеджмент институтунда "финансы жана кредит" адистигин аяктаган. "Жети-Өгүз" микрокредиттик агенттиктин директору;
  8. Сулаев Жекшен Эсенбекович, 12.06.1985, Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция", Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде "тоо машиналары жана жабдуулары" адистигин бүткөн. Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты;
  9. Алымов Манас Кадырович, 17.05.1979, Кыргыз улуттук университетинде "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистигин аяктаган. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы;
  10. Моңолдоров Дамир Черикович, 04.11.1962, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде тарых факультетин бүтүргөн. Жумушсуз;
  11. Сагымбаев Канат Райымбекович, 01.07.1985, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде "уюштуруу жана коопсуздук кыймылы" адистигин окуган. Жумушсуз;
  12. Кемелов Акыл Канатбекович, 04.11.1962, Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында "менеджмент" адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин депутаты;
  13. Малиев Арсланбек Касымакунович, 08.10.1957, Харьков коомдук тамактануу институтунда "технология жана коомдук тамактанууну уюштуруу" адистигин бүткөн. Жумушсуз;
  14. Шамырканов Болотбек Муратбекович, 26.07.1969, Кыргыз улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин окуган. Жумушсуз;
  15. Төлөгөнов Бакыт Талантович, 20.03.1980, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "дарылоо иши" адистигин окуган. Жумушсуз;
  16. Эшмамбетов Руслан Толонович, 01.07.1964, Евразия университетинде "юриспруденция" адистигин аяктаган. "Дар-Сервис Плюс" компаниясынын директору;
  17. Ибраев Саматбек Кулукеевич, 25.02.1965, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистигин бүткөн. Жогорку Кеңештин депутаты;
№34 округдагы шайлоочулардын саны — 108 452. Ага Тоң жана Жети-Өгүз райондору толугу менен, Каракол шаарынын №3131, 3132, 3161 шайлоо участкалары кирет.
Бир мандаттуу округдан эң көп добушка ээ болгон талапкер Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Эгер добуштар тең чыгып калса, БШКга биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0