Токтогул шайлоо округу боюнча депутаттыкка аттанган талапкерлер. Тизме

© SputnikТоктогул шайлоо округу
Токтогул шайлоо округу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Токтогул шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин саны 10. Алардын ичинен шайлоодо эң көп добуш алган депутат болуп келет.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы №19 Токтогул шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер чүчү кулак кармоо менен тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.
  1. Байгазиев Беканас Замирбекович, 15.03.1996, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес;
  2. Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович, 16.10. 1988, Заманбап эл аралык университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Учурда эч жерде иштебейт;
  3. Тотонов Нурбек Темирбекович, 18.08.1977, Бишкек гуманитардык университетин "дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча аяктаган. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес;
  4. Кармышов Тимурлан Апизканович, 13.12.1973, Жалал-Абад мамлекеттик университетин "инженер-электрик" адистиги боюнча аяктаган. Учурда Токтогул ГЭСинде директордун орун басары болуп эмгектенет;
  5. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич, 02.03.1967, Бишкек техникалык институтун курулуш, жол машиналары жана жабдуулары адистигин, Кыргыз-Россия Славян университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда "КУБ" ЖЧКсынын директору;
  6. Алыбаев Айбек Ташибекович, 17.11.1969, Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда Кыргыз футболдук союзунун директоруна кеңешчи болуп иштейт;
  7. Бекишов Абдыбек Дүйшебекович, 08.11.1975, Кыргыз улуттук университетин “каржы жана кредит” адистиги боюнча аяктаган. Учурда эч жерде иштебейт;
  8. Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович, 29.11.1967, Кыргыз улуттук университетин “эл аралык экономикалык мамилелер” адистиги боюнча аяктаган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты;
  9. Матмусаев Жанышбек Мырзабекович, 05.02.1975, Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда пенсионер.
  10. Ракаев Акылбек Калышевич, 29.10.1959, Россиядагы Патрис Лумумба атындагы элдердин достугу университетин “зоотехник” адистиги боюнча аяктаган. Учурда "Көчмөн мал чарбачылыгы" коомдук фондунда аткаруучу директор.
№19 Токтогул шайлоо округундагы шайлоочулардын саны — 99 909. Ага Токтогул району жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары толугу менен кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0