Кыргыз-азербайжан алакасы жаңы деңгээлге чыгат. Казакбаев Бакудан кайтты

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР
Встреча Межпарламентской ассамблеи стран СНГ с главой МИД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Жолугушуунун аягында министр Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукканын ТИМ кабарлады.
Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукту
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукту
© Фото / пресс-служба МИД КРМинистр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон.
Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон.
1/2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарова менен жолукту
2/2
Министр Бакуга чакырганы үчүн спикерге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун саламын жолдогон.
Казакбаев Кыргызстанда боордош Азербайжан элинин ийгиликтерине жана жетишкендиктерине ар дайым кубанып тургандыгын белгиледи. Президенттин туура жүргүзгөн саясаты менен Азербайжан дүйнөлүк аренада эл аралык позицияларын кыйла бекемдегенине токтолуп, президенттик шайлоого, референдумга жана жергиликтүү кеңештерге эл аралык байкоочуларын жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
"Тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кыргыз-азербайжан мамилелерин талкуулашты, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу КР тышкы иштер министри эки өлкөнүн парламенттеринин маанилүү ролун жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Азербайжан парламентинин башчысы эки өлкөнүн күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүү маселеси тургандыгын жана Милли Межлис бул келишимдер түзүлгөндөн кийин аларды ратификациялоонун тиешелүү жол-жобосун өткөрүүгө даяр экендигин айткан.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен видеоконференция форматында жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жапаров Европа өнүктүрүү банкынын президенти менен видео аркылуу сүйлөштү
Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө Гафарова эки өлкөнүн парламенттеринде достук мамиленин маанилүү ролун айтып, Азербайжан тарап Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы баскычка чыгаруу зарылчылыгын белгиледи.
Жолугушуунун аягында министр Казакбаев Азербайжандын Милли Межлисинин төрагасы Сахиба Гафарованы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Буга чейин ТИМ кесиптеши менен жолуккан министр Бакуга президент Жапаровдун кайрылуусун жеткирүү үчүн жөнөп кеткенин кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0