Каникулда жүрүп 200-300 миң сом акча алышат. Депутаттар тууралуу пост

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Депутаттар 30-июнь күнү каникулга чыгышты. Бирок алар коронавирус боюнча абалга байланыштуу июлда кезексиз жыйын өткөрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек өргүү акысы катары 200-300 миң сомдон алышат. Бул тууралуу өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына мурдагы парламентарий Исхак Масалиев жазды.
"Керек болсо айлык да албайбыз деген сөздөр эсиңерде барбы? Конституцияны кабыл алып, анан жаңы шайлоо болот деп мыйзам кабыл алышкан болчу. Мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узартышкан. Ал мыйзамдын аткарылышын ойлоп да коюшкан жок. Эми чарчап каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. Анысы үчүн 200-300 миң сомдон акча берилет, "отпускной" дейт аны", — деп жазды Масалиев.
Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан депутаттардын эмгек өргүү учурунда алган акысы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтты.
Депутаттар 30-июнь күнү каникулга чыгышты. Бирок алар коронавирус боюнча абалга байланыштуу июлда кезексиз жыйын өткөрүшү мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0