Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан
Государственный визит президента Кыргызстана Садыра Жапарова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар да талкууланган.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Мирзиёевге кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжал жана аталган өлкөнүн куралдуу кол салуусунан улам ошол кездеги курчуп турган кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.
"Эки өлкө башчылары Орозо айтка байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын айткан.
Председатель Государственного комитета национальной безопасности Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Ташиев: чек ара маселеси боюнча май айында Өзбекстандан делегация келет
Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуулар башталган. Кыргызстандыктардын көбү өлкө суу ресурстарынан ажырайт деген тынчсыздануусун билдирген.
Суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.
25-апрелде алар менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Ташиев жолугушуу өткөрүп, мындай реакциядан кийин ал өзбек тарапка мурда сүйлөшүлгөндөй болбостугун айткан.
Президент Жапаров бул боюнча маселеге кайрылып, УКМК төрагасы Ташиев протоколго кол коюп келгени менен эле чек ара маселеси чечилип калбастыгын айткан.
"Чек ара маселеси бир жактуу эле "бизге чечилиши керек" деп тура бергенде эмес, сүйлөшүүлөр менен чечилет. Жергиликтүү калк, албетте, каршы чыгууда. Алар "өз жерибизди бербейбиз, туура эмес болуп калды" деп жаткандан кийин элдин да пикирин угушубуз керек. Мындан ары калк менен макулдашып, эсептешебиз", — деген Жапаров.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин аталган сүйлөшүүлөр токтоп калган.
Эгерде чек ара тилкесинде кайсы жерлер боюнча сөз болуп жатканы белгисиз болсо, бул видеону көрсөңүз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0