20:52 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Видео

Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек

Кыскача шилтеме алуу
11
© Sputnik / Эмиль Садыров

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо учурунда Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарына миңдеген гектар жер өттү. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектеп барып келди. Ал кечээ, 26-мартта, маалымат жыйын өткөрүп, чек ара толугу менен чечилип, мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу жер болбой турганын билдирди.

Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы макулдашуунун чоо-жайын билүү үчүн өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен баарлашты.

Анын айтымында, Кыргызстан коңшу өлкөгө суу берип, жер алып жатат. 2017-жылга чейин чек аранын 85 пайызы делимитацияланып, андан бери 10 пайызы дагы такталып калган. Соңку жолугушууда дагы беш пайызы же талаштуу делген тогуз тилке чечилди.

Өзбекстан Кыргызстанга Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кара-Белес тилкесинен 25, Көк-Серек айылынан 105, Баястандан 212, Үңкүр-Тоодон 35 жана Оштун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылынан 100 гектар жер, ошондой эле Гава-Сай тилкесинен 8 000 гектар жайыт берет. Мындан сырткары, Сузак жана Өзгөн райондору менен чектешкен аймактан да 1 000 гектар жер алынууда. Мунун баарын эсептегенде 9 477 гектар чыгат.

Ал эми өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычындагы суунун 95 пайызын пайдалана турган болду. Плотинасы, башкача айтканда, сууну башкаруу кыргыз тарапта эле калган. Ошол эле учурда суу сактагычты тейлөөгө кеткен чыгымдарды каржылоо Өзбекстанга жүктөлгөн.

"Буга чейин деле Орто-Токойдун ушундай өлчөмдөгү суусу Өзбекстанга кетип турган. Мурда "суу сактагычты биз курганбыз" деп талашып жүрүшкөн, кийин Кыргызстандын балансына өткөн. Демек, Өзбекстан биздин сууну пайдаланганы үчүн гана жерлерди берип жатат", — деди Бөрүбаев.

Өзгөн менен Сузак райондоруна өткөн жер Кемпир-Абад суу сактагычынын эсебинен болгонун белгиледи.

"Бул суу сактагычтын мурдагы көлөмү 908 горизонталдагы 1,9 миллиард метр куб болчу. Азыр 900 горизонталга түшкөндө азаят да, 1300 гектар бизге бошоп калууда. Ошол суунун көлөмүн көзөмөлдөө үчүн биргелешкен башкаруу түзөбүз. Өзбек тарапка плотина өттү, бирок кандайдыр бир чечим кабыл алууда ошол жердеги биздин өкүлдөр менен макулдашуу жүрөт. Керек учурда сууну тосуп алып рычаг катары колдоно албайт. Биз өзүбүзгө тиешелүү суунун 14 пайызын алабыз. Эгер табигый түрдө суу тартыштыгы жаралса 900 горизонталга чейин толтуруп берүүгө милдеттүү эмеспиз", — деди өкмөттүн өкүлү.

Ошондой эле Баткендин Кадамжай районунда жайгашкан "Чечме" булагын чогуу пайдалануу боюнча келишимдин долбоорун иштеп чыгуу макулдашылганы белгилүү болду. Учурда төрт арык менен аккан суунун бирөөсүн кыргыз тарап колдонуп келет.

Бөрүбаев жогоруда аталган суулар чек аранын төмөн жагында жайгашкандыктан аны өйдөгө тартып чыгуу кыйын экенин белгиледи. Ошондуктан суу Өзбекстан тарапка агып кете берерин кошумчалады.

Алдыда протоколдо бекитилген жерлерди картага түшүрүп, ийне-жибине чейин тактап жазуу милдети турат. Бул иштерди үч айдын аралыгында бүткөрүү пландалууда. Бөрүбаев ошол учурда айрым үйлөр көчүрүлүп калышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Чек ара жазылып бүткөндөн кийин өкмөттөр аралык келишимге кол коюлат. Андан соң Жогорку Кеңеш ратификациялаш керек, акырында президент кол коёт. Ошондон кийин демаркациялоо (зым тартуу, белги коюу) иштери башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу 1 391 чакырымды түзөт.

Тема боюнча

Ташиевдин кыргыз-өзбек чек арасындагы жерлердин өтүшү тууралуу айткан видеосу
Белгилер:
Өзбекстан, Кыргызстан, жер, суусактагыч, суу, макулдашуу, чек ара, Назирбек Бөрүбаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ