https://sputnik.kg/20210513/zhaparov-mirziyoev-menen-kyrgyz-ozbek-chek-arasy-boyuncha-sujloshtu-1052482788.html
Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады
Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады
Sputnik Кыргызстан
Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар да... 13.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-13T15:23+0600
2021-05-13T15:23+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
саясат
кыргызстан
азия
дүйнөдө
өзбекстан
садыр жапаров
шавкат мирзиёев
чек ара
делимитация
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0b/1051740860_0:119:2835:1714_1920x0_80_0_0_3e747b0731d06c4394cdc5cb1681af9f.jpg
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Жапаров Мирзиёевге кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжал жана аталган өлкөнүн куралдуу кол салуусунан улам ошол кездеги курчуп турган кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын айткан.Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуулар башталган. Кыргызстандыктардын көбү өлкө суу ресурстарынан ажырайт деген тынчсыздануусун билдирген.Суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.25-апрелде алар менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Ташиев жолугушуу өткөрүп, мындай реакциядан кийин ал өзбек тарапка мурда сүйлөшүлгөндөй болбостугун айткан.Президент Жапаров бул боюнча маселеге кайрылып, УКМК төрагасы Ташиев протоколго кол коюп келгени менен эле чек ара маселеси чечилип калбастыгын айткан.Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин аталган сүйлөшүүлөр токтоп калган.Эгерде чек ара тилкесинде кайсы жерлер боюнча сөз болуп жатканы белгисиз болсо, бул видеону көрсөңүз болот.
https://sputnik.kg/20210425/kamchybek-tashiev-uzbekistan-delegaciya-kelet-1052255219.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0b/1051740860_98:0:2747:1987_1920x0_80_0_0_c816bd8d74267a39e45c93f096c637c0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, саясат, кыргызстан, азия, дүйнөдө, өзбекстан, садыр жапаров, шавкат мирзиёев, чек ара, делимитация
жаңылыктар, саясат, кыргызстан, азия, дүйнөдө, өзбекстан, садыр жапаров, шавкат мирзиёев, чек ара, делимитация
Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады
15:23 13.05.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар да талкууланган.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды. Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулады", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Мирзиёевге кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжал жана аталган өлкөнүн куралдуу кол салуусунан улам ошол кездеги курчуп турган кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.
"Эки өлкө башчылары Орозо айтка байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта
жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Ташиев Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы
өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын айткан.
Мындан улам коомчулукта нааразы болгондор чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуулар башталган. Кыргызстандыктардын көбү өлкө суу ресурстарынан ажырайт деген тынчсыздануусун билдирген.
Суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.
25-апрелде алар менен Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо Ташиев жолугушуу өткөрүп, мындай реакциядан кийин ал өзбек тарапка мурда сүйлөшүлгөндөй болбостугун айткан.
Президент Жапаров бул боюнча маселеге кайрылып, УКМК төрагасы Ташиев протоколго кол коюп келгени менен эле чек ара маселеси чечилип калбастыгын
айткан."Чек ара маселеси бир жактуу эле "бизге чечилиши керек" деп тура бергенде эмес, сүйлөшүүлөр менен чечилет. Жергиликтүү калк, албетте, каршы чыгууда. Алар "өз жерибизди бербейбиз, туура эмес болуп калды" деп жаткандан кийин элдин да пикирин угушубуз керек. Мындан ары калк менен макулдашып, эсептешебиз", — деген Жапаров.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин аталган сүйлөшүүлөр токтоп калган.
Эгерде чек ара тилкесинде кайсы жерлер боюнча сөз болуп жатканы белгисиз болсо,
бул видеону көрсөңүз болот.